Кара-Сууда 40тан ашуун мыйзамсыз курулуштар буздурулду

© Фото / пресс-служба Госэкотехинспекции КРОш облусунун Кара-Суу районунун Жаңы-Кыштак айылынын борбордук көчөсүндө жайгашкан 40тан ашуун мыйзамсыз курулуш буздурулду
Ош облусунун Кара-Суу районунун Жаңы-Кыштак айылынын борбордук көчөсүндө жайгашкан 40тан ашуун мыйзамсыз курулуш буздурулду - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Жаңы-Кыштак айылынын Жунусов көчөсүндө 72 объект мыйзамсыз курулуп кеткен. Учурда объектилерди бузуу боюнча иштер жүрүп жатат.

БИШКЕК, 24-янв. — Sputnik. Ош облусунун Кара-Суу районунун Жаңы-Кыштак айылынын борбордук көчөсүндө жайгашкан 40тан ашуун мыйзамсыз курулуш буздурулду. Бул тууралуу Мамэкотехинспекциянын маалымат кызматынан кабарлашты.

Ош шаарына караштуу Озгур айылынын 100гө жакын тургуну Ачы конушунан үлүш жер катары бөлүнгөн 112 гектар кайрак жер мыйзамсыз жол менен жеке ишканаларга берилип жатканын айтып, нааразылык акциясына чыгышты - Sputnik Кыргызстан
Ошто 100 адам үлүш жерлердин сатылышына каршы акцияга чыкты
Билдирүүгө караганда, аталган айылдын Жунусов көчөсүндө 72 объект мыйзамсыз курулуп кеткен. Жарандар үйлөрүнүн алдына башаламан курулуштарды орнотуп, соода  жүргүзгөн. Натыйжада унаа тыгындары көбөйүп, жөө жүргүнчүлөргө да ыңгайсыздыктар жаралган.

Учурда Мамэкотехинспекциянын адистеринин жардамы менен 40тан ашуун курулуш буздурулуп, калган объектилерди дагы бузуу боюнча иштер жүрүп жатат.

Жаңылыктар түрмөгү
0