Балдарын канжалата мушташтырган аталардын жазасын күчөтүү сунушун сот четке какты

© Sputnik / Владимир Федоренко / Медиабанкка өтүүСот балкасы. Архив
Сот балкасы. Архив - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Өз балдарын мушташтырып сүрөп турган аталарга Кылмыш жаза кодексинин үч беренеси боюнча кылмыш иши козголгон. Кийин райондук соттун чечими менен аталар эки жылга шарттуу түрдө кесилген.

БИШКЕК, 23-янв. — Sputnik. Балдарын канжалата мушташтырган аталардын жазасын катаалдатууну өтүнгөн прокуратуранын арызын Ош облустук соту канааттандырган жок. Бул тууралуу Өзгөн районунун прокурору Маматкарим Айтикулов аймактык кабарчыга билдирди.

Facebook социалдык тармагындагы видеодон тартылып алынган кадр.  Өзгөндө балдардын канжалата мушташы - Sputnik Кыргызстан
Прокуратура: балдарын кан жалата мушташтырган аталардын жазасы жеңил болуп калды
Эске салсак, буга чейин социалдык тармактарга кичинекей балдардын бири-бирин уруп, канжалата мушташып, ал эми аларды чоңдордун кубаттап турган видеосу тараган. Милиция видеодогу балдар менен кишилердин ким экендигин 8-октябрда аныктап чыккан. Натыйжада 12-октябрда уулдарын мушташтырган аталар Өзгөн райондук ИИБдин убактылуу кармоочу жайына киргизилген. Кийин соттун чечими менен эки жылга шарттуу негизде кесилишкен

"Облустук сот прокуратуранын сунушун четке кагып райондук соттун чечимин күчүндө калтырды", — деп билдирди Айтикулов.

Белгилей кетсек, эки атага Кылмыш жаза кодексинин 156-беренесинин ("Жашы жетпегендерди кылмыш жасоого тартуу"), 161-беренесинин ("Жашы жетпегендерди тарбиялоо боюнча милдеттерди аткарбоо") жана 234-беренесинин ("Бейбаштык") негизинде кылмыш иши козголгон.

Жаңылыктар түрмөгү
0