Ат-Башынын Ак-Сайындагы кыштоого тоют жеткирилди

© Sputnik / Александр Кряжев / Медиабанкка өтүүЗимние чабанские стоянки в Республике Тыва
Зимние чабанские стоянки в Республике Тыва - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
22-январда эртең менен саат 07:00дө тоют жүктөлгөн эки КамАЗ жолго чыгып, Ак-Сай өрөөнүнө саат 15:00дө жеткирилген.

БИШКЕК, 23-янв. — Sputnik. Нарын облусунун Ат-Башы районундагы Ак-Сай кыштоосуна тоют жеткирилгенин ӨКМ билдирди.

Үйүр жылкы. Архив - Sputnik Кыргызстан
Ат-Башыда кардын айынан кыштоодо калган 36 миң малга тоют жөнөтүлдү
Маалыматка ылайык, 28-декабрда бурганактап жааган кардын кесепетинен Ак-Сай өрөөнүнө барчу жол жабылып, кыштоодогу мал-жандыктарды тоют менен камсыздоо зарылчылыгы жаралган.

Эске салсак, Ат-Башы — Кында жолу 20-январда кардан тазаланып, ачылган болчу.

Жолчулар жолду кардан тазалоо үчүн берилген күйүүчү май тоңуп калып, техникалар бузулуп жатканын айтып арызданышкан. Түзүлгөн мындай кырдаалга карабай жол кардан тазаланган. 

22-январда эртең менен саат 07:00дө тоют жүктөлгөн эки КамАЗ жолго чыгып, Ак-Сай өрөөнүнө саат 15:00дө жеткирилген.

Жаңылыктар түрмөгү
0