Кыргыз-тажик чек арасында абал тынч

© Sputnik / И. Носов / Медиабанкка өтүүСоветско-финская граница
Советско-финская граница - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Кечээ түштөн кийин Көк-Таш айылында эки мамлекеттин балдары кермур айтыша кеткен. Учурда элге түшүндүрүү иштери жүргүзүлүп жатат.

БИШКЕК, 23-янв. — Sputnik. Учурда кыргыз-тажик чек арасындагы абал тынч экендиги тууралуу Мамлекеттик чек ара кызматынан кабарлашты. 

Белгилей кетсек, кечээ түштөн кийин Көк-Таш айылында эки мамлекеттин балдары кермур айтыша кетип, бир-бирине таш ыргытышкан.

"Чек арада абал тынч. Чек арачылар кызматтарын штаттык режимде аткарып жатышат. Окуя курчуп кетпеши үчүн эки өлкөнүн Чек ара кызматтары аймакты биргеликте көзөмөлгө алышууда", — деп айтылат маалыматта. 

Учурда эки тарап элге түшүндүрүү иштерин жүргүзүп жатат.

Жаңылыктар түрмөгү
0