Учак кулаган жерде 200 киши иштеп жатат

© Фото / пресс-служба МЧС КРСбор и вывоз обломков на месте крушения Boeing 747 в селе Дача СУ
Сбор и вывоз обломков на месте крушения Boeing 747 в селе Дача СУ - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
"Манас" аэропортуна жакын Дача айылына кулаган учактан каза болгондордун саны 39 кишиге жетти.

БИШКЕК, 22-янв. — Sputnik. Жүк ташуучу Boeing-747 учагы кулаган жерде тазалоо иштери жүрүп жатканын Өзгөчө кырдаалдар министрлигинин маалымат кызматы билдирди.

© Фото / пресс-служба МЧС КРЖүк ташуучу Boeing-747 учагы кулаган жерде тазалоо иштери жүрүп жатат
Жүк ташуучу Boeing-747 учагы кулаган жерде тазалоо иштери жүрүп жатат - Sputnik Кыргызстан
1/2
Жүк ташуучу Boeing-747 учагы кулаган жерде тазалоо иштери жүрүп жатат
© Фото / пресс-служба МЧС КРУчурда кырсык болгон жерде авиакырсыктын кесепеттерин жоюу боюнча (таштандыларды тазалоо) иштер жүрүүдө.
Учурда кырсык болгон жерде авиакырсыктын кесепеттерин жоюу боюнча (таштандыларды тазалоо) иштер жүрүүдө. - Sputnik Кыргызстан
2/2
Учурда кырсык болгон жерде авиакырсыктын кесепеттерин жоюу боюнча (таштандыларды тазалоо) иштер жүрүүдө.
1/2
Жүк ташуучу Boeing-747 учагы кулаган жерде тазалоо иштери жүрүп жатат
2/2
Учурда кырсык болгон жерде авиакырсыктын кесепеттерин жоюу боюнча (таштандыларды тазалоо) иштер жүрүүдө.

Белгилей кетсек, "Манас" аэропортуна жакын Дача айылына кулаган учактан каза болгондордун саны 38 кишини түзгөн. 22-январда ооруканага оор абалда алып келинген бир жаран каза болду. Ошентип каза болгондордун саны 39 кишиге жетти.

Boeing-747 учагы кулаган аймакты тазалоо иштери - Sputnik Кыргызстан
МАК: кыйраган учактын кара ящиги окулду
Учурда кырсык болгон жерде авиакырсыктын кесепеттерин жоюу боюнча (таштандыларды тазалоо) иштер жүрүүдө.

Ал үчүн ӨКМден 75 куткаруучу 15 техника, Улуттук гвардиядан 50 киши, ИИМден 70 кызматкер, "Манас" аэропортунан 7 киши, эки трактор, бир кран жана бир жүк ташуучу унаа тартылган. 

Иштегендерге жеринен ысык тамак уюштурулду.

Дача айылындагы жашоо турмуш тууралуу Sputink Кыргызстан агенттиги даярдаган материлдан окуп, көрүңүз>>

Жаңылыктар түрмөгү
0