Баткен хатибияты милиция менен тыгыз байланышта иштейт

© Sputnik / Александр Паниотов / Медиабанкка өтүүМечит. Архив
Мечит. Архив - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Жолугушуу лекция жана суроо-жооп форматында өттү.

БИШКЕК, 22-янв. — Sputnik. Баткен шаардык ички иштер башкармалыгынын жыйындар залында шаардын баш имам хатибинин орун басары Махмуд Курбанбаев милиция кызматкерлери менен жолукканын казыят билдирди.

Маалыматка ылайык, жолугушуу лекция жана суроо-жооп форматында өтүп, тыюу салынган агымдарга биргелешип бөгөт коюунун жолдору талкууланды.

Ошондой эле элдин тынчтыгын, ынтымагын бекемдөөдө Баткен шаардык хатибияты менен ички иштер башкармалыгы биргеликте кызматташуу чечимин кабыл алышты.

Жаңылыктар түрмөгү
0