Чубак ажы: эшек Аравияга барып келсе деле эшектигин кылбай койбойт

© Sputnik / Табылды КадырбековАалым Чубак ажы Жалиловдун архивдик сүрөтү
Аалым Чубак ажы Жалиловдун архивдик сүрөтү - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
42 жаштын кырындагы дин аалымы жалпыга маалымдоо каражаттарына динге байланышкан суроолорго байма-бай жооп берип келет. Билермандар Чубак ажынын берилген суроого таамай, азил-чыны аралаш ачык жооп берген сапаты анын коом ичинде бат таанулусуна шарт түздү деп айтып келишет.

Журналист Гүлдана Талантбекова дин аалымынын кызыктуу жоопторунан, учкул сөздөрүнөн сунуштайт.

— Жаттаган нерсем эсимден чыгып калат. Эмне кылсам болот?
— Жаттаганыңды кайталап тур.

— Намазды кыргызча окуса болбойбу?
— Болот, бирок кыраатын кайсы обончуга жаздырасыз?

— Мечит көбөйдү. Алардын ордуна мектеп курса болбойбу?
— Болот, ким кой деди. Курам дегендер болсо курсун.

— Арак деле нан жасалган буудайдан жасалат да. Аны эмнеге арам дейсиңер?
— Энеңиз менен кызыңыз деле аял да, эмнеге аларга үйлөнбөйсүңөр?

— Канча жаштан баштап мусулманга сакал коюу сүннөт?
— Сакал чыккандан баштап.

© Sputnik / Табылды КадырбековАалым Чубак ажы Жалилов
Экс-муфтий Кыргызстана Чубак ажы Жалилов - Sputnik Кыргызстан
Аалым Чубак ажы Жалилов

— Буюрса, жакында жигитим экөөбүз турмуш курабыз. Ага чейин өбүшүп жүрөбүз, арам эмеспи?
— Кой, антпе! Уят болот. Анан деле өбүшүп, андан деле чарчайсың. Жаның чыкпай кое тур. Шерменделик болот…. Кокуй күн…. 

— Карыганда деле намаз окуганга жетишсе болот деп айтышат?
— Туура айтасыз, азыр эрте. Өлүм периштеси кечке чейин келип калса керек.

— Классташ кыздарга даават кылсам болобу? (Суроону узаткан эркек бала)
— Чогултуп алып жалпы айтсаң бир жөн, анан кечеге барып, музыканын коштоосунда, караңгы бурчка барып шыбырап айтсаң болбойт…

— "Адалсынган молдодон алты камандын башы чыгат" деген сөз бар эмеспи?
— Молдоке айылдын баарын тазалаган тура.

© Sputnik / Табылды КадырбековЧубак ажы: Кудай арам кылган нерсе шыйрагын кесип койсо эле адал болуп калбайт.
Интервью с Чубак ажы Жалиловым  - Sputnik Кыргызстан
Чубак ажы: Кудай арам кылган нерсе шыйрагын кесип койсо эле адал болуп калбайт.

— Шыпыргыны тикесинен коюп койсо эмне болот?
— Алганга ыңгайлуу болот.

— Кашкулактын төрт шыйрагын кесип салса адал болот деген туурабы?
— Кудай арам кылган нерсе шыйрагын кесип койсо эле адал болуп калбайт.

— Кыргыздын кыздары жүздөрүн чүмкөгөн эмес.
— Анткени бүгүнкүдөй эркектери болгон эмес.

— Көзү ачыктарга ишенбейм, бирок алар дубалап берген чайын ичип, тузун колдонсо болобу?
— Болбойт, садагаң кетейин! Ишенбесең, эмнеге ичесиң?

— Азыр жаштар ата-бабасы койбогон сакалды коюп калды…
— Тетирисинче, азыр ата-бабалар койгон сакал коюла баштады. А силер аны алып салгансыңар. Курманжан даткадан башка кыргыздын бүт жакшыларынын сакалы болгон.

— Кыздарга жоолук салып, баарын чүмкөп салсаңар эркектер кимди карайт эми?
— Өздөрүнүн кыздарын чечинтип алып карай берсин, сөзсүз бирөөнүн кызын караш керекпи? 

— Аялы бар эркек көчөдө кетип бараткан чырайлуу, сулуу кыздарга суктанып караса эмне болот?
— Көзү агып түшөт. Аны кыяматта билет.

— Жолдошум каза болуп калган. Башка менен турмуш кургум келбейт… жалгыз өтсөм күнөө эмеспи?
— Жалгыздык Жаратканга гана жарашкандыктан, пенделери колдон келишинче никелүү болгону жакшыраак. Бирок милдетүү эмес.

© Sputnik / Табылды КадырбековЧубак ажы: азыр жинди атыкпаган молдо — чындыгында жинди. Анткени пайгамбарыбызды жинди дешкен. Бирок ким жинди болуп чыкты?
Интервью с Чубак ажы Жалиловым  - Sputnik Кыргызстан
Чубак ажы: азыр жинди атыкпаган молдо — чындыгында жинди. Анткени пайгамбарыбызды жинди дешкен. Бирок ким жинди болуп чыкты?

— Арак кошулган коланы байкабай ичип алгам, күнөө болбойбу?
— Адашкандын айыбы жок, кайтып үйүрүн тапкан соң…

— "Жылкынын баары жорго болот, жиндинин баары молдо болот" деп бир олуя айткан экен. Азыр деле андайлар толтура го?
— Ооба, азыр жинди атыкпаган молдо — чындыгында жинди. Анткени пайгамбарыбызды жинди дешкен. Бирок ким жинди болуп чыкты?

— Ажыдан келип алып, мурдагыдан бетер бузукулук кылгандар бар?
— Туура, эшек Аравияга барып келсе деле эшектигин кылбай койбойт.

— Жолдошум экөөбүз уруша кетсек дайыма "кет, жогол, үйдөн чыгып кет" деп айтат. Талак түшүп калбайбы?
— Чындап ажырашуу ниетинде айтса түшөт. Анан бардык аялдарга айтаарым: "чыгып кет" десе швабра колуңузда, үбөлүк колуңузда, "сен чыгып кет" деп эркектин өзүн кубалаш керек.

— Тигил дүйнөнүн бар экенин ким көрүп келиптир?
— А жок экенин ким көрүп келиптир?

— Ажылыкта каза болгон кары-картаңдарын жоопкерчилигин ким алат?
— Аларды карыганда ошол жакка жөнөтүп койгон уулдары алат.

— Көп аял алуу кыргыз элине жат көрүнүш. Кайсы кыргыз көп катын алыптыр?
— Манас, Семетей, Сейтек, дегеле эр менен баатырдын баары.

© Sputnik / Табылды КадырбековЧубак ажы: мен жыргаганымдан экинчи аял алгандарды колдогонум жок. Кореяга турмушка чыгып кор болгон кыздарды, Кытайга турмушка чыгып кул болгон кыргыз кыздарын көрүп, кыргыздын патриот уулу катарында, мусулман үмөтү катарында экинчи аял алууну колдойм
Интервью с Чубак ажы Жалиловым - Sputnik Кыргызстан
Чубак ажы: мен жыргаганымдан экинчи аял алгандарды колдогонум жок. Кореяга турмушка чыгып кор болгон кыздарды, Кытайга турмушка чыгып кул болгон кыргыз кыздарын көрүп, кыргыздын патриот уулу катарында, мусулман үмөтү катарында экинчи аял алууну колдойм

— Эмне үчүн эркек бир нече аял алса болот, аял бир нече күйөө менен жашаганы болбойт?
— Бир эркектин төрт кепичи болсо кандай жана бир кепичти төрт эркек кийсе кандай?

— Сиз эмне себептен экиден аял алууну колдойсуз? Деги өзүңүздүн канча жубайыңыз бар?

Мечит. Архив - Sputnik Кыргызстан
ИИМ: эгемендүүлүк алганы Кыргызстанда мечиттин саны 70 эсеге көбөйдү
— Мен жыргаганымдан экинчи аял алгандарды колдогонум жок. Кореяга турмушка чыгып кор болгон кыздарды, Кытайга турмушка чыгып кул болгон кыргыз кыздарын көрүп, кыргыздын патриот уулу катарында, мусулман үмөтү катарында экинчи аял алууну колдойм.

Ал эми мага келе турган болсок, менин ниетим жок. Илим менен, дин таратуу менен алпурушуп жүрүп бир аялыма да ырыстуу көңүл бөлө албай жүрөм. Мени түшүнүп мага жардам берип келе жаткан жубайыма, аны мага насип кылган тагдырыма, тагдырды жазган Кудайыма ыраазымын. Менин аздыр-көптүр илим алганыма жубайымдын салымы чоң.

— Көзү ачыктар жолун ачып, иши жүргөндөр арбын?
— Анда эмнеге көзү ачыктар өздөрү самсаалап базарларда отурушат?

— Кыздар менен телефондон сүйлөшө берсе болобу. Бирок жолукпай эле…
— Телефондон сүйлөшөсүң, анан эртеси дагы сүйлөшөсүң, анан бүрсүгүнү кантип жолукканыңды билбей каласың.

— Ажыга барып деле күнөө жасап жатышпайбы?
— Мончодон чыкса деле адам кирдеп жатпайбы?

— Кечээ эле арак ичип жүрүштү эле, бүгүн намаз окуп калышыптыр?
— Ооба, а сиз дагы деле ичип жүрөсүз. 

Жаңылыктар түрмөгү
0