ӨКМдин 90 куткаруучусу Boeing кулаган жерди тазалап жатат

© Sputnik / Табылды Кадырбеков / Медиабанкка өтүүӨКМдин куткаруучулары Boeing 747 учагы кулаган жердеги урандыларды тазалоо иштери учурунда
ӨКМдин куткаруучулары Boeing 747 учагы кулаган жердеги урандыларды тазалоо иштери учурунда - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Министрлик куткаруучулар ысык тамак менен камсыз болуп, алар үчүн жылынып туруучу жана маал-маалы менен эс ала турган жайлар ачылганын кошумчалады.

БИШКЕК, 21-янв. — Sputink. ӨКМдин 90 куткаруучусу Boeing 747 учагы кулаган жердеги урандыларды чыгара баштады. Бул туурасында аталган министрликтин маалымат кызматы кабарлады.

Эскерте кетсек, 16-январда эртең менен Сокулук районундагы Дача айылына жүк ташуучу Boeing 747 учагы кулап түшүп, 38 кишинин өмүрүн алган. Анын ичинде экипаждын төрт мүчөсү да болгон.

"Куткаруучулар адам өмүрүн алган жердеги урандыларды Жарандык коргоо жана ӨКМдин атайын техникалары менен тазалап жатат", — деп кабарлады министрлик. 

Кырсыктын чоо-жайын Мамлекеттер аралык комитет (МАК) иликтөөдө. 

Министрлик аталган жерде иш алып барып жаткандар ысык тамак менен камсыз болуп, алар үчүн жылынып туруучу жана маал-маалы менен эс ала турган жайлар ачылганын кошумчалады.

Дача айылындагы жашоо турмуш тууралуу Sputink Кыргызстан агенттиги даярдаган материлдан окуп, көрүңүз>>

Жаңылыктар түрмөгү
0