МАК: кыйраган учактын кара ящиги окулду

© AFP 2023 / VYACHESLAV OSELEDKOBoeing-747 учагы кулаган аймакты тазалоо иштери
Boeing-747 учагы кулаган аймакты тазалоо иштери - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Алдын ала маалыматка караганда, кара ящикте кырсык тууралуу маалыматтар да сакталган.

БИШКЕК, 21-янв. — Sputnik. Бишкектин жанына кулаган Boeing 747 учагынын кара ящигинин катуу жабыркаганына карабай, андагы жазууларды окууга мүмкүн болгонун Мамлекеттер аралык авиация комитетинен (МАК) билдиришти.

Мурдараак компетенттүү органдар кара ящик бир топ жабыркап калганына байланыштуу маалыматтар окулбай калышы мүмкүн деп кабатырланып жатканын билдиришкен.

МАК өз алдынча жаздыруучу каражаттар катуу ысыкта бир топ жабыркаганы байкалгандыгын билдирген.

"Өз алдынча жазуучу аппараттагы маалыматтарды калыбына келтирүү иштери аяктады. Маалыматтар окулду. Алдын ала анализге караганда, кырсык боюнча сүйлөшүлгөн үндөр сакталып калган", — деп айтылат билдирүүдө.

Эске салсак, 16-январда саат 7:18де Сокулук районуна караштуу Дача айылына жүк ташуучу Boeing – 747 учагы кулап түшүп, 38 кишинин өмүрүн алган. Анын ичинде экипаждын төрт мүчөсү дагы бар.

Жаңылыктар түрмөгү
0