Оштогу Бабур атындагы театрга Өзбекстан 50 миң доллар убадалады

© Фото / Зульфия ТургуноваОшский Государственный академический узбекский музыкально-драматический театр имени Бабура
Ошский Государственный академический узбекский музыкально-драматический театр имени Бабура - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Өзбекстан театрдын артисттерин Наманган, Анжиян, Ахсикент жана Фергана өрөөндөрүнө гастролго чакырышты.

ОШ, 20-янв. — Sputnik. Өзбекстандын вице-премьер министри Адхам Икрамов Оштогу Бабур атындагы мамлекеттик академиялык өзбек музыкалык драма театрына 50 миң доллар бөлүү убадасын берди. Бул тууралуу театрдын жетекчиси Набижон Мамажанов Sputnik Кыргызстан агенттигинин аймактык кабарчысына билдирди. 

© Фото / Зульфия ТургуноваӨзбекстандын вице-премьер министри Адхам Икрамов Оштогу Бабур атындагы мамлекеттик академиялык өзбек музыкалык драма театрына 50 миң доллар бөлүү убадасын берди
Өзбекстандын вице-премьер министри Адхам Икрамов Оштогу Бабур атындагы мамлекеттик академиялык өзбек музыкалык драма театрына 50 миң доллар бөлүү убадасын берди - Sputnik Кыргызстан
1/2
Өзбекстандын вице-премьер министри Адхам Икрамов Оштогу Бабур атындагы мамлекеттик академиялык өзбек музыкалык драма театрына 50 миң доллар бөлүү убадасын берди
© Фото / Зульфия ТургуноваӨзбекстандын Кыргызстандагы элчилигинин өкүлдөрү театрдын муктаждыктары тууралуу кат жиберүү керектигин билдирген.
Өзбекстандын Кыргызстандагы элчилигинин өкүлдөрү театрдын муктаждыктары тууралуу кат жиберүү керектигин билдирген. - Sputnik Кыргызстан
2/2
Өзбекстандын Кыргызстандагы элчилигинин өкүлдөрү театрдын муктаждыктары тууралуу кат жиберүү керектигин билдирген.
1/2
Өзбекстандын вице-премьер министри Адхам Икрамов Оштогу Бабур атындагы мамлекеттик академиялык өзбек музыкалык драма театрына 50 миң доллар бөлүү убадасын берди
2/2
Өзбекстандын Кыргызстандагы элчилигинин өкүлдөрү театрдын муктаждыктары тууралуу кат жиберүү керектигин билдирген.

Анын айтымында, Өзбекстандын Кыргызстандагы элчилигинин өкүлдөрү театрдын муктаждыктары тууралуу кат жиберүү керектигин билдирген. 

"Театрдын чатырынын айрым жерлеринен тамчы өтөт. Эскирген отургучтарды алмаштыруу керек. Мына ушул муктаждыктар боюнча элчиликке кат даярдадык", — деди Мамажанов. 

Ал белгилегендей, аталган театрдын артисттери Өзбекстанга мындан 17 жыл мурун барып өнөр тартуулап келишкен. 

"Театр артисттери Бабур Мирзо тууралуу спектаклди коюуга даярдык көрүп жатышат. Коңшу өлкө декорация, костюм жана башка керектүү нерселер жаатында жардам берерин айтты", — деди Мамажанов. 

Мындан тышкары, Өзбекстан артисттерди Наманган, Анжиян, Ахсикент жана Фергана өрөөндөрүнө гастролго чакырышкан.

Жаңылыктар түрмөгү
0