Нарын облусундагы мектептер 23-январдан тарта окуйт

© Sputnik / Евгений Епанчинцев / Медиабанкка өтүүМектепен келаткан окуучулардын архивдик сүрөтү
Мектепен келаткан окуучулардын архивдик сүрөтү - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Учурда билим берүү министри Нарында иш сапары менен жүрөт.

БИШКЕК, 20-янв. — Sputnik. Нарын облусундагы мектептер 23-январдан тарта окуй баштарын Билим берүү жана илим министрлиги билдирди.

Белгилей кетсек, Нарын облусундагы өтө суук болгондуктан окуу убактылуу токтотулган болчу. 

Маалыматка ылайык, ылайык учурда билим берүү министри Гүлмира Кудайбердиева иш сапары менен Нарын облусунда жүрөт.

"Министр Кочкор, Ак-Талаа, Нарын райондорундагы жана Нарын шаарындагы мектептерди кыдырды. Андан сырткары, окуучулар мушташып, бир бала каза болгон Кочкор айылындагы Капар Кыдыралиев атындагы мектепте дагы болду. Министр жабыр тарткан окуучунун абалы менен да таанышты", — деп айтылат маалыматта.

Окуучулардын мушташы боюнча Кудайбердиева Кочкор районунун акими менен чогуу жыйын өткөрдү. Министр айым мектептеги тарбия иштеринин начардыгын жана ата-энелер менен иштөө анчейин эместигин баса белгиледи.

Жаңылыктар түрмөгү
0