Еврей жигит Алекс: кыргыз айылдарын аралагандан кийин өлкөгө байланып калдым

© Фото / Kyrgyz TripsОснователь туристического агентства "Kyrgyz trips" Алекс Супинский
Основатель туристического агентства Kyrgyz trips Алекс Супинский - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Алекс Супинский 10 жыл мурда Кыргызстанды көргөндөн кийин, бул жакка жыл сайын келүүнү адат кылып алган. Алгач Кыргызстан тууралуу маалыматтарды камтыган сайт ачып, кийин өлкөгө израилдиктердин кызыгуусу арта баштаганда туристтик агенттик негиздеген.

Супинский Sputnik Кыргызстан агенттигине Кыргызстандагы туризмге болгон көз карашы, аны өнүктүрүүгө эмнелер тоскоол болуп жаткандыгы тууралуу маек куруп берди.

— Алекс, Кыргызстанды өзүңүзгө кандайча "ачып" калдыңыз?

Латыш келин Анастасия Нарын облусунун Ат-Башы районунун Кара-Булуң айылындагы кайын журтунда уй саап жаткан учурда - Sputnik Кыргызстан
Латыш келин Анастасия: Ат-Башыга барып уй саап, нан жапканды үйрөндүм
— Кыргызстандык тааныштарым бар болчу, алардын чакыруусу менен 10 жыл мурда Бишкекке баргам. Чынын айтканда, Кыргызстанды Бишкекти көрүп эле сүйүп калдым деп айта албайм. Алгач Бишкектеги унаалардан башым айланган, оң да, сол да рулдуу унаалар аралашып жүрөт. Качан гана региондорго чыкканда өлкөнүн чыныгы сулуулугун көрүп, оозум ачылган. Ошондон бери Кыргызстан жүрөгүмдө. Мен Америка, Канада, Европа, Борбор Азияны толугу менен кыдырып чыктым. Бирок алардын ичинен бири дагы кооздугу жагынан Кыргызстанга жетпейт.

— Кыргызстандын кайсы жерлеринде болдуңуз? 

— Кайсы жеринде боло элексиз деп сурасаңыз туура болот го. Манастын кичи мекени Таласка дагы баргам, ал жакка керек болсо анча-мынча кыргыздар өздөрү бара элек деп уктум. Эгер кайсы жер өзгөчө жакты деп сурасаңыз, үч сүйгөн жер бар. Алар — Соң-Көл, Жети-Өгүз жана Алтын-Арашан. 

© Фото / Kyrgyz TripsАнча-мынча кыргыздар көрбөгөн Манастын кичи мекени Таласты кыдырып чыккам
Основатель туристического агентства Kyrgyz trips Алекс Супинский - Sputnik Кыргызстан
Анча-мынча кыргыздар көрбөгөн Манастын кичи мекени Таласты кыдырып чыккам

— Өзүңүздү Кыргызстандын Израилдеги бейрасмий өкүлүмүн дейт экенсиз. Себеби эмнеде? 

Гостиница бөлмөсү. Архив - Sputnik Кыргызстан
Саатына батир берүүгө тыюу салуу — ыпластыкка бөгөтпү же туризмге соккубу
— Кыргызстан менен Израилдин окшоштуктары абдан көп. Экөө тең чакан өлкө, нефтиси жок. Бирок өлкөнү көтөрүп, өздөрү дагы жакшы турмушка жетүүнү каалаган жаштар көп. Туризм, бизнес жаатында биздин мамлекеттер чогуу иштешсе, жакшы жыйынтыктар чыкмак. Израилде Кыргызстандын элчилиги да, өкүлчүлүгү дагы жок. Ошондуктан бир нече жыл мурда эле Израилде Кыргызстан тууралуу эч ким билчү эмес. Кыргызстан деп айтсаң аягы "стан" деген сөз менен аяктаганы үчүн Афганистан менен ассоциация кыла беришчү. Интернетте дагы англис тилинде Кыргызстан тууралуу маалымат жок, еврей тилин айтпай эле коеюн. Ошондуктан мен алгач Кыргызстан жөнүндө сайт ачууга кызыкдар болгом. "Кыргызстан кайсы жакта?", "Визаны кантип алса болот?", "Ал жакка самолет учабы?" деген толгон-токой суроолор жаай баштады. Ошентип израилдиктер Кыргызстанды мен аркылуу таанып, бардык маалыматтар мен аркылуу өтө баштады. Кыргызстанга байланыштуу бир нерсе болсо эле мекендештерим мага кайрылышат. Барган жеримдин баарында Кыргызстанды айтып басып жүрөм.

Тель-Авивде жыл сайын туризм боюнча эл аралык көргөзмө болуп турат. Мен ага Израилде жашаган эки кыргыз кызы менен Кыргызстандын өкүлү болуп катышам. Ал көргөзмөгө дүйнөнүн 80 мамлекетинен келишет. Быйыл иш-чара февраль айында болот деп даярданып жатабыз.

Былтыр WhatsApp аркылуу Кыргызстан тууралуу топ түзгөм, азыр анда 300гө жакын адам бар. Анда Оштогу таксисттердин телефон номерлеринен баштап, Бишкектен Таш-Рабатка баруунун маршрутуна чейин жазылган. 

© Фото / Kyrgyz Trips"Кыргызстанда интернет барбы, кыргыздар айфон жөнүндө билеби?" деп досторум көп сурашчу
Основатель туристического агентства Kyrgyz trips Алекс Супинский - Sputnik Кыргызстан
"Кыргызстанда интернет барбы, кыргыздар айфон жөнүндө билеби?" деп досторум көп сурашчу

— Эч ким билбеген өлкөгө ушунча кызыгып, жыл сайын барып жатканыңызды үй-бүлөңүз кандай кабыл алды?

Польшанын Варшава шаарындагы эл аралык CBRE компаниясында финансы боюнча аналитик болуп эмгектенген, кыргызстандык Чолпон Мукамбетова - Sputnik Кыргызстан
Польшада иштеген Чолпон: Европада кыргыздыкындай үй-бүлөнү ыйык тутуу сезими жок
— Ата-энем башында эч нерсе түшүнгөн жок. Бирок жаңы нерсе алар үчүн дайыма кызык. Ал эми тууган, тааныштарым "Кыргызстанда интернет барбы, кыргыздар айфон жөнүндө билеби?" деп көп сурашчу. Израилдиктер саякаттоого көбүнчө Грузияга барышат. А мен аларга "Кыргызстан Грузиядан эч жери кем эмес" деп айта берем. Болгону кыргыздар англис тилин өздөштүрсө сонун болмок. Ошондой эле, чет элдиктердин каттоодон өтүүсү боюнча мыйзам чыгара коюп, көптөрүн чочутуп алдыңар. Мындай мыйзамдар Өзбекстан менен Тажикстан сыяктуу диктатура өкүм сүргөн өлкөлөрдө болот, а биз Кыргызстанды демократиялуу өлкө катары билебиз. Кыргызстанга барган туристти кыргыздар бир тууганындай жакшы көрүшү керек. Анткени туристти кызыктырган жагынан Кыргызстан биринчи, экинчи жада калса онунчу дагы өлкө эмес. Бул чындык. Туризм боюнча статистикада 80-орундан ары турат.

— Сиздин агенттик аркылуу Кыргызстанга жылына канча израилдик келет?

— Өткөн жылы үч миң адам барган. Быйыл төрт миңден ашуун адам даярданып жатат.

— Фирмаңыздын логотибинде калпакчан адам тартылып турат. Атайын заказ менен жасалганбы?

— Албетте, идеяны өзүм берип тарттыргам. Аны көргөндө дароо күлүп турган кыргызды элестетүүгө болот. 

© Фото / Kyrgyz TripsАмерика, Канада, Европа, Борбор Азияны толугу менен кыдырып чыктым, кооздугу жагынан Кыргызстанга бири да жетпейт
Основатель туристического агентства Kyrgyz trips Алекс Супинский - Sputnik Кыргызстан
Америка, Канада, Европа, Борбор Азияны толугу менен кыдырып чыктым, кооздугу жагынан Кыргызстанга бири да жетпейт

— Үйүңүздө Кыргызстандан алып кеткен кандай буюмдар бар?

— Калпак жөнүндө айтпай эле коеюн, ансыз болбойт да. Андан тышкары, кичирейтилген боз үй, шырдак жана көптөгөн сувенирлер бар. Боз үйүмдү жакында эле ювелирдик буюмдарды жасаган курбум алып кетти. Сөйкө, шакек сыяктуу аялдардын зер буюмдарын боз үйдүн формасында жасайм дейт.

— Израилде кыргыздар көппү?

— Жок, аз. Мен болгону эки гана кыргызды тааныйм. Алар бул жакта иштеп жүргөн кыргыз кыздары.

— Кыргыз тамактарын жасай аласызбы?

— Жасай албайм, ырахаттануу менен жей алам. Беш бармак менен мантууну аябай жакшы көрөм. Тилекке каршы, кымыз иче албайм. Бирок Кыргызстандан чыккан сыра, арактарды жакшы ичем (күлүп).

Жаңылыктар түрмөгү
0