Кыргызстанда тоо лыжа фестивалы өтүп, түшкөн акча калктын аялуу катмарына жумшалат

© Sputnik / Табылды КадырбековДетские дома на отдыхе на горнолыжной базе
Детские дома на отдыхе на горнолыжной базе - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Соода палатасынан бул фестивалда калкты сергек жашоо образына үгүттөө максаты да коюлгандыгын кошумчалашты.

БИШКЕК, 20-янв. — Sputnik. Чүй облусундагы лыжа базаларынын биринде 4-февралда "Кыргызстан — тоо лыжалары менен кышкы эс алуунун өлкөсү" деп аталган туристтик кайрымдуулук фестиваль өтөт. Бул туурасында Соода жана өнөр жай палатасынан кабарлашты. 

Бул кезектеги алтынчы иш-чара. 

"Анын негизги максаты — иш-чарадан түшкөн каражатты калктын аялуу катмарын колдоого жумшоо. Андан сырткары Кыргызстанды кышкы спорттун түрлөрүнүн, эс алуунун жана туризмдин өлкөсү катары таанытуу",— деп айтылат маалыматта.

Соода палатасынан бул фестивалда калкты сергек жашоо образына үгүттөө максаты да коюлгандыгын кошумчалашты. 4-февралда катышуучулар үчүн ар кыл конкурстар, утуштар жана таймаштар уюштурулат.

Тоо-лыжа базаларында жана курорттордо эс алуунун баалары, алардын жайгашкан жери, трассалардын узундугу жана лыжа тебүү жөнүндө Sputnik инфографикасынан биле аласыздар>>

Жаңылыктар түрмөгү
0