Президент авиакырсыктан бери эмне кылып жатканын өкмөт айтып берди

© Пресс-служба президента КР / Султан ДосалиевПресс-конференция президента КР Алмазбека Атамбаева по итогам 2016 года
Пресс-конференция президента КР Алмазбека Атамбаева по итогам 2016 года - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Буга чейин социалдык тармактын колдонуучулары "президент кайда? "Эмне себептен билдирүү жасабай жатат?" деген суроолорду узатып, сындарды айтышкан.

БИШКЕК, 20-янв. — Sputnik. Бишкекте өткөн маалымат жыйын учурунда өкмөттүн мүчөлөрү президент Алмазбек Атамбаев авиакырсыктан кийинки көйгөйлөрдү чечүү боюнча аракеттердин бардыгын көзөмөлдөп турганын билдиришти. 

Буга чейин социалдык тармактын колдонуучулары "президент кайда? "Эмне себептен билдирүү жасабай жатат?" деген суроолорду узатып, сындарды айтышкан. 

"Президент бардык окуяларды көрүп-билип турат. Өкмөттүк комиссия анын буйругу менен түзүлдү. Мамлекет башчыга маалыматтардын бардыгы жеткирилип жатат. Кечээ-бүгүн премьер-министр президент менен жолугушканда бир катар тапшырмалар берилди. Ал ошондой эле, жардамга кол сунган жарандарга ыраазычылыгын айтты", — деп биринчи вице-премьер министр Мухамметкалый Абулгазиев билдирди. 

Дача айылындагы кадимки тиричилик - Sputnik Кыргызстан
Дача айылындагы кадимки тиричилик
Өзгөчө кырдаалдар министри Кубатбек Боронов дагы дүйшөмбү күнү президентке киргенин айтты.

Белгилей кетсек, 16-январда эртең менен "Манас" аэропортуна жакын жердеги Дача айылына жүк ташуучу Boeing-747 учагы кулап түшүп, 38 кишинин өмүрүн алган. Аталган учак Гонконг — Стамбул каттамы боюнча учуп, Бишкекке май куюу үчүн токтомоктугун аэропорттон билдиришти.

Учак кырсыгын Мамлекеттер аралык комитет иликтейт.

Аталган учак кырсыгынан кандай сабактарды алуу керектигин Sputnik Кыргызстан агенттигинин маитериалынан окуңуздар>>

Жаңылыктар түрмөгү
0