Сауд Аравиясы: быйыл ажылык сапар өзгөчө уюштурулат

© Sputnik / Михаил Воскресенский / Медиабанкка өтүүПаломники в Мекке
Паломники в Мекке - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Зыяратчыларды тосуп алып, кайра узатууда заманбап автобустар кызмат кылат.

БИШКЕК, 20-янв. — Sputnik. Муфтий Максат ажы Токтомушев баштаган кыргызстандык делегация Сауд Аравия падышачылыгынын ажылык министринин орун басары шейх Хусейн Шариф менен жолукту. Бул тууралуу муфтият билдирди. 

Меккедеги зыяратчылар. Архив - Sputnik Кыргызстан
Муфтият ажыларды ташый турган авикомпанияны тандайт
Эки тараптуу жолугушуунун алкагында азирети муфтий кыргыз элинин атынан салам жолдоп, 2016-жылдагы ажылыкты жогорку деңгээлде уюштуруп бергендигине терең ыраазычылык айтты. 

Ал эми Хусейн Шариф 2017-жылдагы ажылыкта бир топ өзгөчөлүктөр бар экендигин айтып, быйылкы жылы ажылыкты уюштуруунун сапаты жогорулап, коопсуздукка, ажылардын саламаттыгына өзгөчө көңүл буруларын баса белгиледи. 

Ошондой эле зыяратчыларды тосуп алып, кайрадан узатууда заманбап автобустар кызмат кыларын кошумчалады.

Жаңылыктар түрмөгү
0