Дача айылынын тургуну: энесин издеген эки бала жылаңач чуркап жүрүптүр

© AFP 2023 / Vyacheslav OSELEDKOКрушение самолета Boeing-747 в Дача-СУ
Крушение самолета Boeing-747 в Дача-СУ - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Ондогон киши каза тапкан учак кырсыгында адам өмүрүн сактап калууга, каза болгондордун сөөгүн чогултууга атайын кызматтардан тышкары айыл тургундары дагы чоң салым кошту.

Кыялбек Ажалиевдин Дача айылында жашаганына 13 жыл болду. Учак анын үйүнөн 500 метр алыстыкка түшкөн. 

© Sputnik / Эмиль СадыровКыялбек Ажалиевдин Дача айылында жашаганына 13 жыл болду
Житель поселка Дача-СУ Кыялбек Ажалиев - Sputnik Кыргызстан
Кыялбек Ажалиевдин Дача айылында жашаганына 13 жыл болду

Ал бүгүн Sputnik Кыргызстан агенттигине учак кулаган мүнөттөн тарта, атайын кызматтар келгиче жергиликтүү тургундар эмне иштерди кылганын айтып берди. 

Эске салсак, 16-январь күнү түрктөрдүн MyCargo Airlines авиакомпаниясына таандык Boeing-747-400F учагы "Манас" аэропортуна жакын жердеги Дача айылына кулап түшкөн. Анын кесепетинен кыркка чукул киши каза болуп, 23 үй бузулган.

— Учак кулаган маалда уйкуда белеңиз же турдуңуз беле?

Авиакырсыктан көз жумган кыздардын апасы Махбуба: төрт кызым тең бизге буйрубаптыр - Sputnik Кыргызстан
Авиакырсыктан көз жумган Адинай менен Мадинанын апасы: төрт кызым тең бизге буюрбаптыр
— Ал кезде үй-бүлөм менен баарыбыз уктап жатканбыз. Биздин үй алтынчы көчөдө, учак жетинчи көчөгө кулады. Бир маалда терезе кылдырай баштады. Жер титиреп атат окшойт деп ордумдан ыргып туруп, эшикти ачсам 500 метр алыстыкта от күйүп жатыптыр. Дал ошол жерде трансформатор турчу, мен ошол жарылып кеткен окшойт деп ойлодум. Кийинип чыгайын деп кайра кирип баратканда, тарс эткен катуу үн угулду. Эшикти шарт ачып карасам, учактын турбинасы учуп келип, кошунам жакка түштү. Ошондо самолет кулаптыр деп дароо түшүндүм да, үйдөгүлөрдү ойготтум. 

— Айылда башка туугандарыңар барбы?

— Башка көчөдө апам менен иним жашайт. Аларды эстеп, дароо эле оюм бузулду. Келинчегим экөөбүз кызымды көтөрүп алып, апамдын үйүн көздөй жөнөдүк. Үйгө жеткиче жүрөгүм ордунан чыгып кетчүдөй болду. Кудайга шүгүр, алар аман экен. Келинчегимди киргизип коюп, иним экөөбүз учак жактагыларга жардам берели деп чуркап жөнөдүк.

— Силер барганда кишилер чогулуп калыптырбы?

Таякча кармаган аял. Архив - Sputnik Кыргызстан
Авиакырсыктан жабыркагандарга пенсионер 20 миң сом пенсиясын берди
— Ооба, кошуналар бар экен. Дароо эле көзүмө майка-турсачан ары-бери чуркап жүргөн эки бала көрүндү. Жакшылап карасам, бажамдын Гүлжан деген карындашынын балдары экен. Байкуш экөө учактын алдында калган энесин издеп жүрүшүптүр. Экөөнү тең кармап сүйлөшөйүн десем, эч нерсени түшүнбөйт, шок абалында экен. Келинчегим артымдан келип балдарды үйгө алып кетти. Бир маалда ошол эле бажамдын иниси пайда болуп калды. Буттары жылаңайлак, күйүп калган оң колун кучактап, онтоп калыптыр. Үйдөн бут кийим алып чыгып кийгизип, араң өзүнө келтирдим. 

— Урандыларда калган сөөктөрдү алып чыгууга жардам бердиңизби? 

— Ооба, ураган үйлөрдүн алдында өлүп калган адамдарды көрүп аттык. Чынын айтканда, алгач өзүм дагы шок болуп, ары-бери калдаңдап калыптырмын. Андан кийин бир аз кайраттанып, уранды алдындагы сөөктөрдү алып чыга баштадык. Ошол маалда учкучтардын бирин көрдүм. Өзүнүн отургучунда отурган бойдон башы жарылыптыр. Бирок тирүү болчу, бир аз онтолоп аткан. Тирүү немеге ого бетер зыян келтирип албайын деп ага тийген жокмун. Карасам, жаныма аэропортто иштеген кошунам келип калыптыр "учкуч тирүү экен, бирөөгө кабарла" деп ага кыйкырдым. 

— Ага чейин атайын кызматтарга телефон чалдыңарбы? 

Артында 7 жашар уулу гана аман калган үй-бүлө жерге берилди - Sputnik Кыргызстан
Артында 7 жашар уулу гана аман калган үй-бүлө жерге берилди
— Аэропортто иштеген кошунам чалды. Жарым саттан кийин Тез жардам, 45 мүнөттөн ашыгыраак убакыттан кийин өрт өчүрүүчүлөр келди. Ага чейин айыл эли өзүбүз тирүүлөрдү башка үйлөргө жеткирип, сөөктөрдү четке чыгарып жаттык. Бөлүнүп кеткен дене мүчөлөрүн чогултуп, жууркандарга ородук. Бизди таң калтырганы — кызматтардын кеч келгени. Аэропорттун өрт өчүрүүчүлөрү эң узак дегенде 15 мүнөттө эле жетип келмек. Балким өрт өчүргүчтөр менен Тез жардам кызматы эртерээк келгенде көбүрөөк адамдын жаны сакталып калат беле, ким билет?..

Кыйраган учактан Кыргызстан кандай сабак алышы керектиги тууралуу Sputnik Кыргызстан агенттигинин материалынан окуңуздар>>

Жаңылыктар түрмөгү
0