Түркияда мекендештери тарабынан кордолгон кыргыз кыз "туткундан" бошотулду

© AP Photo / Marcelo RuizАйнектин артында турган кыздын архивдик сүрөтү
Айнектин артында турган кыздын архивдик сүрөтү - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Учурда Измир шаарынын полициясы шектүүлөрдү издеп жатат.

БИШКЕК, 19-янв. — Sputnik. Түркиянын Измир шаарында кыргызстандык кыздар тарабынан кордолуп, "туткунда" жаткан кыз бошотулганын Кыргызстандын Тышкы иштер министрлиги билдирди.

Маалыматка ылайык, Стамбулдагы кыргыз консулдугу Измир шаарынын полициясынын жардамы менен куткаруу аракеттерин көрүшкөн.

"Учурда Измир шаарынын полициясы шектүүлөрдү издеп жатат. Жабыр тарткан кыз ата-энеси менен телефон аркылуу сүйлөшкөн", — деп айтылат маалыматта.

Белгилей кетсек, январь айынын ортосунда интернетке видео тарап, анда кыргызча сүйлөгөн эки кыз бир кыздын колун байлап, аны сабап жатканы тартылган. Кыздар аны "сойкулук уюштуруп, кыргыз кыздарды сатып жүрөт" деп айыпташкан.

Жаңылыктар түрмөгү
0