Бишкекте таксилердин техникалык мүчүлүштүгүн текшерген рейд башталды

Жазылуу
Кайгуул милициясынын техникалык бөлүмүнүн кызматкерлери менен биргеликте жүргүзүлүп жаткан рейд 24-январга чейин созулат.

БИШКЕК, 19-янв. — Sputnik. Борбор калаада Кайгуул милициясы таксилерге рейд жүргүзүп, ар тараптан текшере баштады. Бул туурасында шаардык ички иштер башкармалыгынын маалымат кызматынан кабарлашты. 

"Милиция кызматкерлери жол эрежесин бузган айдоочулардын бардык документтери менен кошо унаанын техникалык мүчүлүштүгү бар-жогун да текшерет. Ошону менен бирге унаанын техникалык күбөлүгүндө жазылган номери менен тагып жүргөн номери салыштырылат. Кандайдыр бир дал келбестиктер табылса, унаа айып короого токтотулат", — деп айтылат маалыматта.

Бишкектин Кайгуул милициясы көп турган жерлери – карта - Sputnik Кыргызстан
Бишкектин Кайгуул милициясы көп турган жерлери – карта
Кайгуул милициясынын техникалык бөлүмүнүн кызматкерлери менен биргеликте жүргүзүлүп жаткан рейд 24-январга чейин созулат.

Шаршемби күнү Бишкекте "Караңгылатуу" рейди жүргүзүлгөн. Натыйжада инспекторлор айнектерин караңгылатып алып айдап жүргөн 22 жаранды кармаган. Протоколдор түзүлүп, унаа ээлерине административдик 228-берене боюнча ар бирине эки миң сомдон айып салынды.

Жаңылыктар түрмөгү
0