БШК депутаты шаардагы мыйзамсыз иштеген май куюучу жайлардын кооптуулугун айтты

© Sputnik / Максим Богодвид / Медиабанкка өтүүМай куйуучу жай. Архив
Май куйуучу жай. Архив - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Аталган маселе шаардык кеңештин жакынкы жыйынында көтөрүлөт.

БИШКЕК, 18-янв. — Sputnik. Бишкек шаардык кеңештеги "Кыргызстан" фракциясы турак-жайларга жана социалдык-маданий имараттарга жакын жайгашкан май куюу жайларын алуу маселесин көтөрдү. 

Депутат Куванычбек Конгантиев турак-жайларга жакын жайгашкан май куюучу жайлар ондоп саналарын билдирди.

"Алардын бардыгы жарандардын өмүрүнө түздөн-түз коркунуч жаратат", — деди депутат Конгантиев.

Аталган маселе шаардык кеңештин жакынкы жыйынында көтөрүлөрүн аталган фракциядан маалымдашты.

Жаңылыктар түрмөгү
0