Кыргызстан менен бирге аза күтөбүз — көңүл айтуу китебине жазуулар көбөйүүдө

© Фото / пресс-служба МИД КРКнига соболезнований посольств Кыргызстана за рубежом
Книга соболезнований посольств Кыргызстана за рубежом - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Көңүл айтуу китебине өз сөздөрүн чет өлкөлөрдө жашап жүргөн мекендештер, чет элдик дипломаттар, мамлекеттик жана эл аралык уюмдардын өкүлдөрү жазып калтырууда.

БИШКЕК, 18-янв. — Sputnik. Кыргызстандын чет өлкөдөгү элчиликтеринде ачылган көңүл айтуу китептерине жылуу сөздөр жазылып жатканын Тышкы иштер министрлигинин маалымат кызматынан билдиришти. 

Бишкектин жанындагы авиакырсыкка байланыштуу 17-январь аза күтүү күнү деп жарыялангандыктан, Кыргызстандын чет жердеги бардык мекемелеринде көңүл айтуу китеби ачылган.

"Китепке өз сөздөрүн чет өлкөлөрдө жашап жүргөн мекендештер, чет элдик дипломаттар, мамлекеттик жана эл аралык уюмдардын өкүлдөрү жазууда", — деп айтылат билдирүүдө. 

Кулаган учактын жерге сүрүлгөн изи — асмандан көрүнүш - Sputnik Кыргызстан
Кулаган учактын жерге сүрүлгөн изи — асмандан көрүнүшү
Маалыматка карганда, көңүл айткандардын арасында жогорку кызмат адамдары дагы бар. Баку шаарында көңүл айтуу китебине Азербайжандын биринчи-вице-премьери Ягуб Эюбов кол тамгасын калтырды. Москва шаарындагы Кыргызстан элчилигине Дагестан республикасынын башчысы Рамазан Абдулатипов, Ставрополь аймагынын губернатору Владимир Владимиров, Кемерово облусунун губернатору Аман Тулеев, Россия БШКсынын төрайымы Элла Памфилова жана Москва шаардык думасынын төрагасы Алексей Шапошников телеграмма жолдошту. 

Дүйшөмбү күнү саат 7.30да "Манас" аэропортунун жанына Гонкондон Стамбулга учуп бараткан Boeing-747 учагы кулаган. Ал Бишкекке май куюп алуу үчүн токтомок. Кыйроонун себептери аныкталууда. Авиакырсыктан 38 адам көз жумуп, 16 адам жабыр тартты.

Кыйраган учактан Кыргызстан кандай сабак алышы керектиги тууралуу Sputnik Кыргызстан агенттигинин материалынан окуңуздар>>

Жаңылыктар түрмөгү
0