Саратовдо жол кырсыгынан мерт кеткендердин сөөгүн жүктөгөн унаа Бишкекке келе жатат

© Sputnik / Виталий Белоусов / Медиабанкка өтүүРоссия ӨКМнын атайы борту. Архив
Россия ӨКМнын атайы борту. Архив - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
ӨКМдин кызматкерлери жол кырсыгынан каза болгондор тууралуу маалыматты жана алардын жашаган жерин аныкташкан.

БИШКЕК, 17-янв. — Sputnik. Саратов облусундагы жол кырсыгынан каза болгон кыргызстандыктардын сөөгүн жүктөгөн Mersedes Benz автоунаасы Бишкекке багыт алып, жолдо келе жатат. Бул туурасында ӨКМдин маалымат кызматы билдирди.

ДТП в Саратове, где погибли граждане Кыргызстана. Фото с сайта Youtube - Sputnik Кыргызстан
Кыргызстандыктар каза болгон Саратовдогу жол кырсыгынын видеосу
Эске салсак, 15-январда Нижний Новгород — Саратов кан жолунда жүк ташуучу унаа менен кичиавтобус кагышкан. Алдын ала маалыматтар боюнча жүк ташуучу унаанын айдоочусу уктап калышы мүмкүн деп айтылган. Ал эми рулдагы айдоочу кармалган.

ӨКМдин кызматкерлери каза болгондордун ким экенин жана кайда иштей турганын аныктап, туугандарына кабар берен. 16-январда маркумдарды туугандары таанып, кечки саат 10.00дө Саратовдогу кыргыз диаспорасынын көмөгү менен сөөктөр Mersedes Benz автоунаасы менен Кыргызстанга жөнөтүлгөн.

Жаңылыктар түрмөгү
0