"Ала-Тоо" аянтындагы башкы балаты алынды

© Фото / Исмаил МамытовДемонтаж новогодней елки на площади Ала-Тоо
Демонтаж новогодней елки на площади Ала-Тоо - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Балаты менен кошо аянттагы жаңы жылдык жасалгалар дагы жыйналды.

БИШКЕК, 17-янв. — Sputnik. Аза күтүү күнүнө карата Бишкек шаарынын "Ала-Тоо" аянтындагы башкы балаты жана жаңы жылдык жасалгалар алынды. Бул тууралуу Sputnik Кыргызстан агенттигине мэриянын маалымат кызматынын жетекчиси Гуля Алмамбетова билдирди.

Бүгүн Кыргызстанда учак кырсыгынан адамдардын каза болгонуна байланыштуу аза күтүү күнү жарыяланып, мамелкеттик туулар түшүрүлдү - Sputnik Кыргызстан
Аза күтүү: Кыргызстанда туулар түшүрүлдү
Эскерте кетсек, "Ала-Тоо" аянтын жаңы жылдык мааракеге карата кооздоо иштери 4-декабрда башталып, аны аткарууга "Тазалык" менен "Бишкекжарык" ишканаларынын 40 кызматкери тартылган. 

Кыргызстандын 25 метрлик башкы балатысына улуттук стилдеги 77 жасалга илинген. Мындан тышкары, 60 жылдызча жана 50 кар бүртүкчөлөрү менен кооздолгон. Балатыдагы оюнчуктардын жалпы саны 1200дү түзүп, мындан тышкары 260 гирлянда илинди. Анын узундугу 2,5 чакырымга жетет. "Ала-Тоо" аянтынын бет маңдайында диаметри эки метрлик 12 шар, алты бугу, Аяз ата жана Кар киши коюлган. Жаңы жылдык маанайды жаратуу үчүн мэрия 13 миллион сом сарптаган.

Жаңылыктар түрмөгү
0