Жума күнү учак кырсыгынан каза болгондорго өлкө боюнча куран окулат

© Sputnik / Табылды КадырбековНамаз окуп жаткан мусулмандардын архивдик сүрөтү
Намаз окуп жаткан мусулмандардын архивдик сүрөтү - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Жабыр тарткандарга жардам көрсөтүү максатында муфтияттын бардык дин кызматкерлери бир күндүк эмгек акыларын которушат

БИШКЕК, 17-янв. — Sputnik. Жума күнү, 20-январда учак кырсыгынан каза болгондорго багышталып өлкө боюнча куран окулат. Тиешелүү буйрукка муфтий Максатбек ажы Токтомушев кол койгонун Кыргызстан мусулмандар дин башкармалыгы билдирди.

Буйрукка ылайык, өлкө аймагындагы ар бир мечитте мамлекетибиздин тынчтыгы, элибиздин саламаттыгы жана кырсыктан көз жумган мекендештерибизге арналып Куран окулуп, дуба тилектер айтылат. 

Бүгүн Кыргызстанда учак кырсыгынан адамдардын каза болгонуна байланыштуу аза күтүү күнү жарыяланып, мамелкеттик туулар түшүрүлдү - Sputnik Кыргызстан
Аза күтүү: Кыргызстанда туулар түшүрүлдү
Ошондой эле жабыр тарткандарга жардам көрсөтүү максатында муфтияттын түзүмүндөгү бардык дин кызматкерлер бир күндүк эмгек акысын которот. 

Муну менен катар республиканын бардык аймагындагы жума намаз окулган мечиттерде кырсыктан жабыркагандарга материалдык жардам көрсөтүү максатында атайын кутучалар орнотулат. Топтолгон каражат атайын ачылган эсепке чегерилет. 

Дүйшөмбү күнү саат 7.30да "Манас" аэропортунун жанына Гонконгдон Стамбулга учуп бараткан Boeing-747 учагы кулаган. Ал Бишкекке май куюп алуу үчүн токтомок. Кыйроонун себептери аныкталууда.

Учак кырсыгынан жабыркагандарга жардап көрсөтүү үчүн уюштурулган атайын жайлардын дарегин Sputnik Кыргызстан агенттиги даярдаган инфографикадан көрүңүз>>

Жаңылыктар түрмөгү
0