Аза күнүнөн улам Россиянын ОРТ каналы көңүл ачуучу программаларын токтотту

© Sputnik / Григорий Сысоев / Медиабанкка өтүүСтудия. Архив
Студия. Архив - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Президент Алмазбек Атамбаевдин Жарлыгына ылайык, 17-январь аза күтүү күнү деп жарыялаган.

БИШКЕК, 17-янв. — Sputnik. Кыргызстандагы аза күтүү күнүнө карата Россиянын ОРТ каналы КМШ өлкөлөрүнө багытталган эфиринен көңүл ачуучу программаларын алды. Бул тууралуу аталган каналдын расмий сайты кабарлады. 

Авиакырсыктан жабыркагандарга жардам көрсөтүү - Sputnik Кыргызстан
Авиакырсыктан жабыркагандарга жардам көрсөтүү. Даректер жана телефондору
Эске салсак, кечээ күнү Гонконг — Стамбул каттамы менен учкан MyCargo Airlines авиакомпаниясына таандык Boeing-747-400F учагы "Манас" аэропортуна жакын жердеги Дача айылына кулап түшкөн. Анын кесепетинен 37 киши каза болуп, 13 адам ооруканага жаткырылган. 

Президент Алмазбек Атамбаевдин Жарлыгына ылайык, 17-январь аза күтүү күнү деп жарыялаган

"ОРТ КМШ өлкөлөрү көрө турган программалары өзгөрттү. Ага ылайык, көңүл ачуучу берүүлөр эфирден алынды", — деп жазылат маалыматта. 

Белгилей кетсек, өкмөт каза болгондордун үй-бүлөлөрүнө жана жабыркаганларга 70 миң сомдон жардам көрсөтүлөрүн билдирген.

Жаңылыктар түрмөгү
0