БИШКЕК, 17-янв. — Sputnik. Өзгөчө кырдаалдар министрлигиавиакырсыктан каза тапкандардын сөөгүн кичи мекенине жеткирип берет. Бул туурасында аталган министрликтин маалымат кызматынан кабарлашты.
Эртең менен саат 7.18де "Манас" аэропортуна жакын жердеги Дача-Суу айылына Гонконг — Стамбул каттамы менен бара жаткан MyCargo Airlines авиакомпаниясына таандык Boeing-747-400F учагы кулап түшкөн. Маалыматта ал май куюп алуу үчүн Кыргызстандын аба майданына киргени айтылган.
Биринчи вице-премьер Мухамметкалый Абулгазиев жүк ташуучу түркиялык лайнер аэропорттун дарбазасын куйругу менен илип кетип, сүрүлүп барып Дача айылындагы үйлөрдү басып калганын айтты.
Бир нече саат мурда Бишкектеги өлүкканадан "Манас"аба майдандын жанындагы авиакырсыктан каза болгон 36 кишинин ичинен 32синин ким экендиги аныкталды.
ӨКМден сөөктөрдү айылдарына жеткирүү үчүн атайын техника бөлүнгөнүн айтты.