Учак кырсыгынан жабыркагандарга мамкызматкерлер бир күндүк айлыгын бөлүүдө

© AFP / VYACHESLAV OSELEDKOСотрудники МЧС на месте авиакрушения самолета Boeing-747 в селе Дача-Суу недалеко от аэропорта "Манас"
Сотрудники МЧС на месте авиакрушения самолета Boeing-747 в селе Дача-Суу недалеко от аэропорта Манас - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
16-январда эртең менен саат 7.30дар чамасында Гонконг — Стамбул каттамы менен учкан MyCargo Airlines авиакомпаниясына таандык Boeing-747-400F учагы "Манас" аэропортуна жакын жердеги Дача айылына кулап түшкөн. Анын кесепетинен отуздан ашык киши каза болуп, 23 үй бузулган.

БИШКЕК, 17-янв. — Sputnik. Бишкек шаарынын жака-белинда кыйраган учак кырсыгына байланыштуу мамлекеттик кызматта иштегендер бир күндүк маянасын которушууда.

Маалыматка ылайык, КР ИИМ Академиясынын кызматкерлери бир күндүк айлыгын каза болгондордун жакындарына жардам катары бөлдү. Учурда академияда 300дөн ашык кызматкер иштейт. Ошондой эле жардам бергендердин катарында Билим берүү жана илим, Экономика министрлигинин кызматкерлери да бар.

Крушение самолета Boeing-747 недалеко от аэропорта Манас - Sputnik Кыргызстан
Түндөн чыкпай калган мекендештер. Учак алааматынын чоо-жайы
Андан сырткары, өкмөттүн Ысык-Көл облусундагы өкүлчүлүгүнүн кызматкерлери, Ош шаардык ички иштер башкармалыгынын өздүк курамы, "ОшТВ" телеканалынын кызматкерлери жабыркаган жарандарга бир күндүк эмгек акыларын которушат. 

Эске салсак, эртең менен Гонконг — Стамбул каттамы менен учкан MyCargo Airlines авиакомпаниясына таандык Boeing-747-400F учагы "Манас" аэропортуна жакын жердеги Дача айылына кулап түшкөн. Анын кесепетинен отуздан ашык киши каза болуп, 23 үй бузулган. 

Бүгүн, 17-январь Кыргызстанда аза күтүү күнү деп жарыяланды.

Жаңылыктар түрмөгү
0