БИШКЕК, 17-янв.—Sputnik. Чүй, Талас жана Нарын облустарынынын бир катар көчөлөрүндө электр энергиясын берүү үзгүлтүккө учурайт. Бул тууралуу Улуттук энергохолдинг билдирди.
Маалыматка ылайык, 17-январда Талас облусунун Кара-Суу, Манас, Наматбек жана Таш-Арык айылдарында жарык болбойт.
Андан сырткары, оңдоо иштерине байланыштуу Чүй облусунун Чат-Көл, Төрт-Көл жана Нарын облусунун Кочкор, Тендик айылдарында 09:00дөн 17:00гө чейин электр энергиясы берилбейт.