Түрк президенти Эрдоган Атамбаев менен телефон аркылуу байланышып көңүл айтты

© Sputnik / Алексей Дружинин / Медиабанкка өтүүТүркиянын президенти Режеп Тайип Эрдогандын архивдик сүрөтү
Түркиянын президенти Режеп Тайип Эрдогандын архивдик сүрөтү - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Эрдоган өз сөзүндө кырсыктан жабыркагандардын батыраак айыгып кетүү тилегин билдирди.

БИШКЕК, 16-янв. — Sputnik. Түркиянын президенти Режеп Тайип Эрдоган көп сандагы адамдын өмүрүн алган учак кырсыгына байланыштуу өлкө башчы Алмазбек Атамбаев менен телефон аркылуу байланышып көңүл айтты. Бул туурасында президенттин маалымат кызматты билдирди.

Өз сөзүндө Эрдоган аза кайгысын тең бөлүшөрүн билдирген. 

"Түркия президенти Реджеп Тайип Эрдоган өлкө башчы Алмазбек Атамбаевге жана кыргыз элине көңүл айткан. Ошондой эле ал кырсыктан жабыркагандардын батыраак айыгып кетүүсүн каалады", — деп айтылат билдирүүдө.

Эске салсак, 16-январда саат 7.30дар чамасында Гонконг — Стамбул каттамы менен учкан MyCargo Airlines авиакомпаниясына таандык Boeing-747-400F учагы "Манас" аэропортуна жакын жердеги Дача айылына кулап түшкөн. Анын кесепетинен отуздан ашык киши каза болуп, 23 үй бузулган.

Учак кырсыгынын чоо-жайы тууралуу Sputnik Кыргызстан агенттиги даярдаган материалдан кенен таанышыңыз>>

Жаңылыктар түрмөгү
0