Авиакырсык: өкмөт сөөк жеткирүү жана жабыркагандардын дарылануусун өз мойнуна алат

© Фото / очевидца, отправленное по Whats App-каналуТела погибших при крушении самолета Boeing-747 недалеко от аэропорта "Манас"
Тела погибших при крушении самолета Boeing-747 недалеко от аэропорта Манас - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Учурда кырсыктан көз жумган 15 кишинин аты-жөнү такталды.

БИШКЕК, 16-янв. — Sputnik. Учак кырсыгынан каза болгондордун сөөгүн жеткирүү жана жабыркагандардын дарылануусуна кетчү каражатты өкмөт өз мойнуна алат. Бул тууралуу вице-премьер Чолпон Султанбекова маркумдардын туугандары менен жолугуп жатканда айтты. 

Первый вице-премьер Мухамметкалый Абулгазиев во время пресс-конференции журналистам - Sputnik Кыргызстан
Абулгазиев: учак конуу тилкесинен өтүп барып үйлөрдүн үстүнө кулаган
Эскерте кетсек, бүгүн эртең менен Гонконгдон Стамбулду көздөй бара жаткан учак эл аралык "Манас" аэропортуна жакын жердеги Дача айылына кулаган. Андан 31 адам каза болуп, 11 киши ооруканага жаткырылган. Кырсык 23 үйдү жараксыз абалга келтирди.

Султанбекова алгач, №3 балдар клиникалык ооруканасына барып, жабырлануучулардын абалы менен таанышты. Дарыгерлердин айтымында, балдарга тийиштүү медициналык жардам көрсөтүлүп, алардын абалы канааттандырарлык деп табылууда.

Андан соң Республикалык соттук-медициналык экспертиза борборунда кырсыктан каза болгондордун жакындары менен жолугуп, өкмөт тарабынан жасалып жаткан иштер тууралуу кабардар кылды.

"Өкмөт маркумдун сөөгүн жеткирүү, ДНК анализдерди тактоо жана жабыркагандардын дарылануусун өз мойнуна алат", — деди Султанбекова.

Учурда кырсыктан көз жумган 15 кишинин аты-жөнү такталды.

Учак кырсыгынын чоо-жайы тууралуу Sputnik Кыргызстан агенттиги даярдаган материалдан кенен таанышыңыз>>

Жаңылыктар түрмөгү
0