Авиакырсыкта каза болгондордун өздүгүн аныктоого жарандардын жардамы керек

© Sputnik / Табылды КадырбековСотрудники МЧС на месте авиакрушения самолета Boeing-747 в селе Дача-Суу недалеко от аэропорта "Манас"
Сотрудники МЧС на месте авиакрушения самолета Boeing-747 в селе Дача-Суу недалеко от аэропорта Манас - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Расмий маалыматтарга боюнча республикалык соттук-медициналык бюросуна 31 адамдын денеси жана тогуз фрагмент алып келинген.

БИШКЕК, 16-янв. — Sputnik. Саламаттыкты сактоо министрлиги авиакырсыкта каза болгондордун өздүгүн аныктоого үчүн жарандарды жардамдашууга чакырат. Бул тууралуу министрдин кеңешчиси Елена Баялинова билдирди.

Расмий маалыматтарга ылайык, Сүйөркулов менен Байтик баатыр көчөлөрүнүн кесилишинде жайгашкан өлүкканага 31 адамдан жансыз денеси жана 9 фрагмент алып келинген.

"Иш кыйындап, кырсык болгон жерде жашоочулардык так тизмеси жок болуп жатат. Алардын өздүгүн тактоо жана тизмегин чыгаруу толугу менен соттук медициналык экспертизага тапшырылды. Эгер алардын жакындары маркумдарды тактоого көмөктөшпөсө бул узакка созулуп кетиши мүмкүн.", —деди Баялинова.

Казакстандан келген Нурбир: ата-энем, бир туугандарымдан ажырап карайлап турам - Sputnik Кыргызстан
Казакстандан келген Нурбир: ата-энем, бир туугандарымдан ажырап карайлап турам
Ал өлүккананын жанында чатыр орнотулуп, ысык тамак уюштурулгандыгын, кырсыкта каза болгондордун жакындары менен психологдор иштеп жаткандыгын кошумчалады. 

Бүгүн эртең менен 07:21 де Дача-Суу айылына жүк ташуучу Boeing-747 учагы кулаган. Ал Гонконгдон Стамбулга учуп бара жатып күйүчү май куюп алуу үчүн Бишкекке конгон. Учурда адам өмүрүн алган окуянын себептери такталууда.

Учактын кыйрашына байланыштуу бардык маалыматтардын топтомун бул жактан окуңуздар>>

Жаңылыктар түрмөгү
0