Санкт-Петербургда бети кескиленген жаран Кыргызстанга кайтат

© Sputnik / Владимир Песня / Медиабанкка өтүүОоруканадагы адам. Архив
Ооруканадагы адам. Архив - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Санкт-Петербург шаарында бети кескиленген кыргыз жаранынын акыбалы жакшы.

БИШКЕК, 16-янв. — Sputnik. Россиянын Санкт-Петербург шаарында беттери, мойну кескиленип ооруканага түшкөн Садырбековдун абалы жакшы экендигин Кыргызстандын Россиядагы элчилигинин маалымат кызматынан билдиришти. 

Маалыматка караганда, кыргыз жаранынын акыбалы менен КР Мамлекеттик миграция кызматынын Россиядагы өкүлү Санкт-Петербургга барып таанышты.

"Кыргыз жараны өзүнүн мекендештери менен болгон ич ара чатактан улам жаракат алган. Азыр абалы жакшы, түшүндүрүү иштери жүргүзүлдү", — деп айтылат билдирүүдө. 

Садырбеков миграция кызматкерине айыккандан кийин Кыргызстанга кайтарын билдирди. 

Эске сала кетсек, өткөн жумада Санкт-Петербург шаарында беттери, моюну кескиленип, ооруканага түшкөн кыргыз жараны тууралуу ММКлар жазган эле.

Жаңылыктар түрмөгү
0