Жолдубаева РФ башкы прокурорунан Батукаевдин экстрадициясын талап кылууда

© Фото / пресс-служба ЖК КР / Ашыркул ОморовЗаседание фракции СДПК
Заседание фракции СДПК - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Оор илдетке кабылгандыгы үчүн мөөнөтүнөн эрте бошоп кеткен криминалдык авторитеттин экстрадициясын Башкы прокурор талап кылат.

БИШКЕК, 16-янв. — Sputnik. КР башкы прокурору Индира Жолдубаева россиялык кесиптеши Юрий Чайка менен Москвада болгон жолугушуусунда криминалдык авторитет Азиз Батукаевди экстрадициялоо боюнча маселени көтөргөндүгүн Башкы прокуратуранын маалымат кызматынан билдиришти. 

Жолугушуу маалында прокурорлук ишкерликтин ар кайсы тармактары боюнча талкуулар болуп, укуктук жардам жана экстрадиция боюнча сүйлөшүүлөр жүргүзүлдү. 

Кыргызстандын башкы прокурору Азиз Батукаевди кыргыз сотунун чечиминин аткарылышы үчүн анын экстрадициясын чечкиндүү түрдө талап кылуу аракеттерин билдирди.

"Тараптар бир пикирге келди. Орус тарап Батукаев Россия сотунун чечими боюнча өтөп жаткан жаза мөөнөтүн аяктары менен анын маселесин карап чыгууга даяр экендигин айтты", — деп айтылат билдирүүдө. 

Снимок с социальной сети Facebook с группы КОМПРОМАТ КГ. Фотография человека, похожего на криминального авторитета Азиза Батукаева, сделанные на территории аэропорта Манас - Sputnik Кыргызстан
"Манас" аэропортундагы жүргөн Батукаевдин сүрөтү кайдан чыкты? ИИМ түшүндүрмө берди
Эске сала кетсек, Батукаев 2006-жылдын 3-августунда Аламүдүн сотунун чечими менен 16 жыл 8 айга эркинен ажыратылган.

Ал эми 2013-жылдын 9-апрелинде оор илдетке чалдыкканына байланыштуу мөөнөтүнөн эрте бошотулуп, Кыргызстандан чыгып кеткен.

ИИМдин маалыматына караганда, учурда Чечня республикасында мыйзамсыз курал сактагандыгы үчүн жаза өтөөдө.

Жаңылыктар түрмөгү
0