Учак кыйраган жерде чатыр тигилип, элге тамак берилүүдө

© Sputnik / Табылды КадырбековСотрудники МЧС на месте крушения самолета недалеко от аэропорта "Манас"
Сотрудники МЧС на месте крушения самолета недалеко от аэропорта Манас - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Boeing —747 учагы кулаган Дача-Суу айылында 265 үй-бүлөжашайт.

БИШКЕК, 16-янв. — Sputnik. Boeing —747 учагы кыйраган жерде чатыр тигилип, тамак-аш уюштурулуп жатканын ӨКМ маалымат кызматынан билдиршти.

"ӨКМ куткаруучуларды даярдоо борбору ар бири 30 адамга ылайыкталган үч чатыр тигип, Аламүдүн райондук администрациясы тарабынан тамак-аш уюштурулуп жатат", — деп айтылат билдирүүдө. 

Маалыматка караганда, кырсык катталган Дача-Суу айылында кыйраган учактын калдыктары бир гектар аймакка чачырап кеткен. Анын кесепетинен 34 киши каза болсо, 12си бала экени белгилүү болду.

Аталган айылда бүгүнкү күндө 265 үй-бүлө жашайт.

Учактын кыйрашына байланыштуу бардык маалыматтардын топтомун бул жактан окуңуздар>> 

Жаңылыктар түрмөгү
0