Учак кырсыгы: №4 ооруканага кайрылгандардын бири оор абалда

© Sputnik / Варвара Гертье / Медиабанкка өтүүОорукана. Архив
Оорукана. Архив - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Бүгүн эртең менен "Гонконг-Стамбул" каттамы менен келе жаткан Boeing – 747 жүк ташуучу учагы "Манас" аэропортуна жакын Дача-Суу айылына кулап түшкөн. Учак Бишкекке май куюу үчүн токтомок.

БИШКЕК, 16-янв. — Sputnik. "Манас" аэропортунун жанында кулаган учактан жабыркап Трамватология жана ортопедия илимий борборуна эки адам кайрылган. Бул тууралуу аталган оорукананын башкы дарыгери Алмазбек Кубатбеков Sputnik Кыргызстан маалымат агенттигине билдирди.

Анын айтымында, учурда кайрылып келгендердин биринин абалы оор

"Кайрылып келгендердин бириайылдын жергиликтуу тургуну 29 жаштагы Кубатбек Рахманов денесинин 40-45 пайызы күйүп кеткен. Азыр реанимацияда. Ал эми эки баласы менен алып келинген Бактыгүл Кубатбекованы №3 балдар ооруканасына жеткирүү каралып жатат. Алар кырсыктан катуу коркуп калышкан", — деди Кубатбеков.

Эскерте кетсек, бүгүн эртең менен "Гонконг-Стамбул" каттамы менен келе жаткан Boeing – 747 жүк ташуучу учагы "Манас" аэропортуна жакын Дача-Суу айылына кулап түшкөн. Учак Бишкекке май куюу үчүн токтомок.

Маалыматтарда учак айылдын үстүнө кулап түшүп, анын кесепетинин 34 адамдын өмүрү кыйылып, 23 үй жабыркаган.

Учактын кыйрашы боюнча толук жана кененирээк маалыматты Sputnik Кыргызстан агенттигинен темасынан окусаңыз болот>>

Жаңылыктар түрмөгү
0