Жээнбеков: экологиялык жактан таза айыл чарба аймактарын кеңейтүү зарыл

© Пресс-служба правительства / Сабыр АильчиевПремьер-министр Сооронбай Жээнбеков Баткен облусуна болгон жумушчу сапарынын алкагында аймактык биофабриканын курулушунун жүрүшү менен таанышуу учурунда
Премьер-министр Сооронбай Жээнбеков Баткен облусуна болгон жумушчу сапарынын алкагында аймактык биофабриканын курулушунун жүрүшү менен таанышуу учурунда - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Биофабрикалардын иштеп баштоосу менен айыл чарба продукциясын дарылоодо химикаттарды пайдалануу кескин кыскарат.

БИШКЕК, 14-янв. — Sputnik. Экологиялык жактан таза айыл чарба аймактарын кеңейтүү зарыл. Бул тууралуу премьер-министр Сооронбай Жээнбеков Баткен облусуна болгон жумушчу сапарынын алкагында аймактык биофабриканын курулушунун жүрүшү менен таанышуу учурунда билдиргендигин өкмөт кабарлады. 

Саймалуу-Таш улуттук паркы. Архив - Sputnik Кыргызстан
Саймалуу-Таштан алтын казуу: тараза ташында тарыхый эстеликтер жана экономика
Айыл чарба, тамак-аш өнөр жайы жана мелиорация министрлигине караштуу Кыргызагробиоборбордун директору Жаңыбай Туманов маалымдагандай, жаңы типтеги алгачкы биофабриканын курулушу биопрепараттарды өндүрүү көлөмүн жана аларды пайдаланууну жогорулатуу максатында башталган.

Аталган биофабриканын иштеп баштоосу менен айыл чарба продукциясын дарылоодо химикаттарды пайдалануу кескин кыскарып, микробиопрепараттарды жана энтомофагдарды жакынкы чет мамлекеттерге экспорттоо мүмкүндүгү пайда болот. 

Өкмөт башчы белгилегендей, мындай жаңы типтеги биофабрикалар өлкөнүн бардык аймактарында болушу шарт. 

"Аталган биофабриканын курулушу башка жергиликтүү өз алдынча башкаруу орган жетекчилери үчүн белги катары кабылданышы керек. Биз экологиялык жактан таза продукцияны өндүргөн өлкө болуубуз зарыл. Мындай биофабрикалардын ишке киргизилиши анын жайылтылышына шарт түзөт", — деди Жээнбеков.

Премьер-министр биофабриканын курулуш иштерин сапаттуу жүргүзүп, курулушту өз мөөнөтүндө жыйынтыктоо тапшырмасын берди.

Жаңылыктар түрмөгү
0