Дем алыш күндөрү Чүй, Ысык-Көл менен Бишкектин айрым көчөлөрүндө жарык өчөт

Жазылуу
Оңдоо иштерине байланыштуу электр энергиясы күндүзү жана түнкүсүн өчүрүлөт.

БИШКЕК, 14-янв. — Sputnik. Чүй, Ысык-Көл облустары менен Бишкек шаарынын бир катар көчөлөрүндө электр энергиясын берүү үзгүлтүккө учурайт. Бул тууралуу Улуттук энергохолдинг билдирди. 

Тоодогу адамдар катуу кар учурунда. Архив - Sputnik Кыргызстан
Энергетиктер 3500 метр бийиктиктеги электр зымдарын кол менен тазалашты
Маалыматка ылайык, 15-январда Бишкек шаарынын Шабдан баатыр, Армейский көчөлөрү менен "Кайыңды", "Дордой" жана "Ак-Тилек" жаңы конуштарында кырсыктарды алдын алуу үчүн түнкү 12:00дөн таңкы 06:00гө чейин жарык өчөт.

Чүй облусунда 14-январда Беловодское айылында 09:00дөн 13:00го чейин, 15-январда Кичи Ала-Арча айылында түнкү 12:00дөн таңкы 05:00гө чейин электр энергиясы болбойт.

Андан сырткары, оңдоо иштерине байланыштуу 14-январда Ысык-Көл облусунун Оттук айылы менен Чолпон-Ата шаарында 09:00дөн 17:00го чейин электр энергиясы берилбейт. 

Жаңылыктар түрмөгү
0