ӨКМ Барак эксклавынан кыргыздардын жүгүн алып чыкты

© Фото / пресс-служба МЧС КРПоследствия сильного ливня в городе Чолпон-Ата
Последствия сильного ливня в городе Чолпон-Ата - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Бул үчүн ӨКМдин райондук бөлүмүнүн башчысы жетектеген топ жана беш унаа жөнөтүлгөн.

БИШКЕК, 13-янв. — Sputnik. ӨКМдин кызматкерлери Өзбекстандын Анжиян облусунун аймагында жайгашкан Барак эксклавынан кыргыздардын жүктөрүн алып чыгышты. Бул тууралуу аталган министрлик билдирди.

Жизнь и быт памирских кыргызов - Sputnik Кыргызстан
Памир кыргыздарынын балдары эми Кыргызстанда билим алат
Маалыматка ылайык, 11-январдан 13-январга чейин Кара-Суу районунун Ак-Таш айыл аймагынын Барак эксклавынан жергиликтүү тургундар өндүргөн дан азыктарын жана курулуш материалдарын алып чыгуу зарылчылыгы жаралган. 

Бул үчүн ӨКМдин райондук бөлүмүнүн башчысы жетектеген топ жана беш унаа жөнөтүлгөн.

Алар 11-январда саат 21:00дө Барак эксклавына жетип, бүгүн, 13-январда саат 07:30да жолго чыгышты.

Жаңылыктар түрмөгү
0