БИШКЕК, 13-дек. — Sputnik. 2017-жылдагы ажылыкты уюштуруу боюнча Сауд Аравиянын ажылык министрлигинин өкүлдөрү менен талкуулоо үчүн Кыргызстандын муфтийи Максатбек ажы Токтомушев баштаган делегация бүгүн жөнөп кетет.
Иш-сапар Сауд Аравия падышачылыгынын ажылык министрлигинин чакыруусу менен болуп жатат.
"Сапардын алкагында 2017-жылдагы ажылыкты уюштуруу боюнча аталган өлкөнүн ажылык министрлигинин алдындагы тиешелүү ведомство жетекчилери менен жолугат. Кыргызстандык ажыларды тейлөө жана кызмат көрсөтүү жаатында пикир алышып, келишимдерге кол коюп келишмекчи", — деп айтылат маалыматта.
Делегациянын курамында Кыргызстан мусулмандар Дин башкармалыгынын башкы эсепчиси, ажылык бөлүмүнүн кызматкерлери жана Кыргызстандын Жарандык авиация агенттигинин өкүлү бар.