Баткенде иштеген күч түзүмүнүн кызматкерлери май айында батирлүү болушат

© Пресс-служба правительства КРРабочая поездка по Баткенской области премьер-министра КР Сооронбая Жээнбекова
Рабочая поездка по Баткенской области премьер-министра КР Сооронбая Жээнбекова - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Курулуш жыйынтыкталган соң Башкы штабдын, Улуттук гвардиянын, Коргоо министрлигинин жана Мамлекеттик чек ара кызматынын аскер кызматкерлери турак-жай алышат.

БИШКЕК, 12-янв. — Sputnik. Премьер-министр Сооронбай Жээнбеков Баткенге болгон жумушчу сапарынын алкагында Баткен шаарындагы аскер кызматкерлери үчүн турак-жайлардын курулушу менен таанышты. Бул тууралуу өкмөттүн маалымат кызматы билдирди.

Ага ылайык, бүгүнкү күндө 3-кабаттуу үч үйдүн курулушу жыйынтыкталып, оңдоп-түзөө иштери калган. Долбоорго ылайык, 90 квартира бүткөрүлөт, анын 36сы – бир бөлмөлүү, 36сы – эки бөлмөлүү, ал эми 18и үч бөлмөлүү батирлер.

"Объектилерди 2017-жылдын май айында КР Куралдуу күчтөрүнүн күнүнө карата пайдаланууга берүү пландаштырылууда", — деп айтылат маалыматта.

Өкмөт башчы курулуш иши менен таанышып, каржылоого байланыштуу көйгөйлөр жок экенин белгиледи. Курулуш жыйынтыкталган соң Башкы штабдын, Улуттук гвардиянын, Коргоо министрлигинин жана Мамлекеттик чек ара кызматынын аскер кызматкерлери турак-жай алышат.

Жаңылыктар түрмөгү
0