Эмчек имплантаттарын бекер тараткан ашпозчу: маянамдын бир бөлүгүн жумшоо оор эмес

© Sputnik / Табылды КадырбековВолонтер и активист Венера Шамиева
Волонтер и активист Венера Шамиева - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Венера Шамиева онкология оорусунан жабыр тарткан кыргызстандык аялдарды жасалма төш менен бекер камсыздап келет. Көпчүлүктүн башын маң кылган мындай кайрымдуулуктун себеби эмнеде экенин Sputnik Кыргызстан агенттигинин кабарчысы Светлана Федотова билип көрдү.

Редакциядагылар акчага алынган имплантаттарды бекер тараткан кандай киши болду экен деп көпкө ойлондук. Венера өзү менен бир топ сүрөт менен каттарды көтөрө келиптир, аларда оорунун айынан эмчегинен айрылып, төш протезине ээ болгон айымдардын ыраазычылыгы айтылган экен. Албетте, объективдүү себептерден улам биз ал сүрөттөрдү чыгара алган жокпуз.

— Ушу заманда бирөө бекер бир нерсе берет деген түшүнүктүн өзү кыйла таң калычтуу…

Кыргызстан чүрөгү-2013 конкурсунун жеңүүчүсү Жибек Нукеева. Архив - Sputnik Кыргызстан
Ракка кабылган Нукеевага ырчылар менен моделдер кол сунду
— Менин бир таанышым эмчек рагына кабылды. Бул жерден дарылангандан кийин Германияга биротоло көчүп кеткен. Эки-үч имплантаты калыптыр, ошолорду муктаждарга берип койчу деп мага таштап кеткен. 

Жумушка келип "кимдир-бирөө онкологияга кабылса же жакындары, тааныштары болсо айткыла" десем, баары алгач коркуп кетишти. Бирок керек кыла тургандар табылып, акыры алып кетишти. Ошондон кийин эмчек рагына кабылгандар кайрыла башташты. Ошону менен жардам бере баштадык.

— Ким болуп иштеп, канча акча табасыз? Имплантат көчөдө жаткан нерсе эмес да…

— Эки жерде ашпозчу болуп иштейм. Акчам ашып-ташып жатат деп айта албайм, бирок кудайга шүгүр, жетет. 1000 сомдон 500 сом алып коюу анча деле кыйын эмес деп ойлойм. Анын үстүнө акча жашоодогу башкы нерсе эмес да. Албетте, ансыз жашоо жок, бирок акча үчүн жашап калуу да туура эмес. 

© Sputnik / Табылды КадырбековОнкология оорусунан жабыр тарткан кыргызстандык аялдарды жасалма төш менен бекер камсыздап келген Венера Шамиева: Кудай аялды сулуу, бардык мүчөсүн келиштирип жаратат эмеспи. Ал эми рак ушунун баарын жок кылат — аялдын эмчеги толугу менен кесилет
Волонтер и активист Венера Шамиева - Sputnik Кыргызстан
Онкология оорусунан жабыр тарткан кыргызстандык аялдарды жасалма төш менен бекер камсыздап келген Венера Шамиева: Кудай аялды сулуу, бардык мүчөсүн келиштирип жаратат эмеспи. Ал эми рак ушунун баарын жок кылат — аялдын эмчеги толугу менен кесилет

Айлыгымдын бир бөлүгүн кайрымдуулук боюнча өнөктөшүмө жиберип турам. Протездер болжол менен 7-8 миң сом турат. Келгенден кийин аны муктаж аялдарга таратам.

— Жеке өзүңүз мындан эмне пайда көрөсүз?

— Бул нерсе акча менен эсептелбейт. Кудай аялды сулуу, бардык мүчөсүн келиштирип жаратат эмеспи. Ал эми рак ушунун баарын жок кылат — аялдын эмчеги толугу менен кесилет. Кандай сокку экенин элестете аласызбы! Аял 60та болобу, 25теби — айырмасы жок.

Хирург и общественный деятель Мамбет Мамакеев - Sputnik Кыргызстан
Кыргыз медицинасынын өңүн чагылдырган кызыктуу 10 маек
Ал эми дартты дарылоо ооруну эле эмес, жашоого болгон кызыгууну кошо өлтүрөт. Анан ушундай абалдагы кыз келгенде мен ага башкысы үмүт бергим келет, протездерди берип, кучактап, жылуу сөздөрдү айтам. Анткени, жарыкчылыктын өзү кандай жыргал, алдыда кандай гана сонун күндөр күтүп турат! Мен мындай аялдар менен күнүгө байланышып, ал-абалын сурап, моралдык жактан жардам берем.

Менин уулум тубаса шал оорусу менен төрөлгөн, азыр экинчи топтогу майып. Эгерде мен кайгыга тумчугуп отуруп алсам, ага ким жардам берет эле? Кандай гана оор кырдаал болбосун, андан чыгуунун жолдору бар. Мен муну өзүм билем.

— Рак илдетине кабылган айымдар сиз жөнүндө кайдан кабардар болду?

— Акыркы убакта дарыгерлер биздин телефон номерлерибизди өздөрү бейтаптарга бере башташты. Мындан тышкары, бири-биринен угуп кайрылгандар бар.

— Бекер "көкүрөккө" ээ болгон аялдардын реакциясы кандай болот? 

— Онкологияны дарылоо эң кымбат процесс: химия, дары-дармек, реабилитация… Аялдарга төш протездери бекер берилгенде алар ыйлап башташат. Кыйналганы үчүн эмес, жөн гана жардам бергиси келгендер бар экени үчүн жүрөктөрү эзилет. 

— Канча аялга кол сунууга жетиштиңиз?

— Так саны эсимде жок. Биз бул ишти беш жыл мурун баштаганбыз. Бардыгы ачык-айкын болушу үчүн жасалма көкүрөк алган аялдардан ыраазычылык кат алып, сүрөткө түшүп Германияга жөнөтүп турам. Бул жылдар аралыгында бир нече ирет ири көлөмдөгү жөнөтмөлөрдү алдык. 

Медицина илимдеринин доктору, уролог-андролог жана сексопатолог Жаныбек Мамбетов - Sputnik Кыргызстан
Сексопатолог Мамбетов: эркекти кызга айланткан жылдары катуу сынга кабылдык
— Сиздерди алдап, имплантаттарды бекер алууга аракет жасагандар болду беле? 

— Мен мындай нерсеге олуттуу көңүл бурам. Мага келген бардык аялдарды билем. Имплантат камдашпай же жуулуп калган учурлар болгон. Буга байланыштуу аялдар жаңы протез алыш үчүн келишчү. Алдап кетүү үчүн аракеттер жасалган эмес. Бир гана жолу жагымсыз окуя болуп кетти. Бейтааныш аял "өлгөн аялдардын импалантатын кесип алып таратып жатасыңар" деп бизди айыптап чыккан. 

— Кантип эле?.. Мындай нерсе кантип ойго келиши мүмкүн? 

— Ооба, ошондой дагы окуялар болуп кетти. Ал аял кандай максатты көздөгөнү белгисиз. Мүмкүн, ич күйдүүлүктүр. 

© Sputnik / Табылды КадырбековВенера Шамиева: көкүрөктүн формасын калыбына келтириш үчүн операция жасаткандар менен соо денесин кестирүүгө барган аялдардын айырмасы бар. Булар эки бөлөк адамдар. Элестетиңиз, онкологиядан кийин төштүн ордунда тырык гана калат… Ал эми аял заты өзүн толук кандуу сезгиси келет
Волонтер и активист Венера Шамиева - Sputnik Кыргызстан
Венера Шамиева: көкүрөктүн формасын калыбына келтириш үчүн операция жасаткандар менен соо денесин кестирүүгө барган аялдардын айырмасы бар. Булар эки бөлөк адамдар. Элестетиңиз, онкологиядан кийин төштүн ордунда тырык гана калат… Ал эми аял заты өзүн толук кандуу сезгиси келет

Жакында эле бизден жардам алган аял телефон чалып: "Мени конокко чакырышты. Элестеткиле, мен конокко чыныгы айым катары барганы жатам!" деди. Ишенип коюңуз менин кетирген чыгымдарымдын бардыгы ушул нерсеге татыктуу. 

— Төш жасатууну чечкен аялдар коомчулуктун сынынан чоочулашпайбы? 

— Көкүрөктүн формасын калыбына келтириш үчүн операция жасаткандар менен соо денесин кестирүүгө барган аялдардын айырмасы бар. Булар эки бөлөк адамдар. Элестетиңиз, онкологиядан кийин төштүн ордунда тырык гана калат… Ал эми аялзаты өзүн толук кандуу сезгиси келет. 

— Бул интервью элге жарыялангандан кийин окурмандардын бири кайрымдуулук жасоо боюнча сиздерге жардам бергиси келсе, байланыш номериңизди берип койсок болобу? 

— Ооба, албетте! Бизге кошулуп жардам бергиси келгендер чыкса абдан кубанычта болобуз. 

Оорукана кызматкерлери. Архив - Sputnik Кыргызстан
Кыргызстандыктар көп ишенген медициналык 7 аңыз
— Сиз өзүңүз канчалаган кыйынчылыктарды башыңыздан кечирдиңиз. Буга карабай элге жардам берип жатасыз. Күч менен энергияны кайдан аласыз? 

— Сөз адамды тирилтип да, өлтүрүп да кое алат. Мен биринчисин тандадым. Жеңилүү опоңой. Бирок мен кол куушуруп отуруп калгым келбейт. Өзүмдү бактылуу адам катары эсептейм. Ошондуктан жакшы нерсе менен бөлүшүү керек деген ойдомун. Менин балдарым, неберелерим, доско айланган аялдар бар. Жашоонун мындай жакшы жышаанын колдон чыгарган туур болбой калат.

Жаңылыктар түрмөгү
0