11:52 22 Үчтүн айы 2017
Түз эфир
Ош шаарындагы Токтогул Сатылганов атындагы эс алуучу жайы

Оштогу Токтогул эс алуу багын оңдоого архитекторлор бир күндүк маянасын которушту

© Фото / Зульфия Тургунова
Коом
Кыскача шилтеме алуу
157 0 0

Эс алуу багынын жалпы аянты 9 гектар жерди ээлейт. Ал 1919-жылы негизделген. 2019-жылы эс алуучу жайдын ачылганына 100 жыл толот.

ОШ, 12-янв. — Sputnik. Шаар куруу жана архитектура боюнча Ош шаардык башкы башкармалыгынын эмгек жамааты калаадагы Токтогул Сатылганов атындагы эс алуучу жайды оңдоп-түзөө иштерине бир күндүк эмгек акысын которуп берди. Бул тууралуу аталган башкармалыктын башкы архитектору Ажимурат Жолдошов Sputnik Кыргызстан агенттигинин аймактык кабарчысына билдирди. 

  • Шаар куруу жана архитектура боюнча Ош шаардык башкы башкармалыгынын эмгек жамааты калаадагы Токтогул Сатылганов атындагы эс алуучу жайды оңдоп-түзөө иштерине бир күндүк эмгек акысын которуп берди
    Шаар куруу жана архитектура боюнча Ош шаардык башкы башкармалыгынын эмгек жамааты калаадагы Токтогул Сатылганов атындагы эс алуучу жайды оңдоп-түзөө иштерине бир күндүк эмгек акысын которуп берди
    © Фото / Зульфия Тургунова
  • Маалыматка ылайык, эс алуу багынын жалпы аянты 9 гектар жерди ээлейт. Ал 1919-жылы негизделген. 2019-жылы эс алуучу жайдын уюштурулганына 100 жыл толот.
    Маалыматка ылайык, эс алуу багынын жалпы аянты 9 гектар жерди ээлейт. Ал 1919-жылы негизделген. 2019-жылы эс алуучу жайдын уюштурулганына 100 жыл толот.
    © Фото / Зульфия Тургунова
1 / 2
© Фото / Зульфия Тургунова
Шаар куруу жана архитектура боюнча Ош шаардык башкы башкармалыгынын эмгек жамааты калаадагы Токтогул Сатылганов атындагы эс алуучу жайды оңдоп-түзөө иштерине бир күндүк эмгек акысын которуп берди

"Учурда башкармалыкта 92 адам эмгектенет. Бардык кызматкерлер демилге көтөрүп, Ош шаарынын жашоочулары эс ала турган сейил бактын оңдолушун колдоого алышты", — деди Жолдошов. 

Ал ошондой эле Токтогул Сатылганов атындагы эс алуучу жайды оңдоп-түзөө 4 этап менен ишке ашырылаарын белгиледи.

Маалыматка ылайык, эс алуу багынын жалпы аянты 9 гектар жерди ээлейт. Ал 1919-жылы негизделген. 2019-жылы эс алуучу жайдын уюштурулганына 100 жыл толот. 

Ал эми Ош шаардык мэриясынан билдиргендей, эс алуу багын оңдоп-түзөө иштери ушул жылы башталып, эки жылдын аралыгында толугу менен бүткөрүлөт.

Тема боюнча

Көлдүн Ак-Суусунда манасчылардын паркы ачылды
Белгилер:
сейил бактары, айлык-акы, Ош

ЭҢ МААНИЛҮҮ