БИШКЕК, 12-янв. — Sputnik. Премьер-министр Сооронбай Жээнбеков 12-13-январда иш сапары менен Баткен облусунда болот. Бул тууралуу өкмөттүн маалымат кызматы билдирди.
Анын алкагында өкмөт башчы бир катар жаңы салынган имараттардын ачылышына катышмакчы.
"Өкмөт башчы аскер кызматкерлеринин турак-жайлары, аймактык биофабриканын курулушу менен таанышып, № 26 өрт коопсуздугуна каршы бөлүмүнүн жаңы имаратынын ачылышына катышат. Ошондой эле Ортобоз айылындагы балдар бакчасынын ачылыш салтанатын көрүп, Паскы-Арык айылындагы Муса Кадыр атындагы орто мектептин курулушунун жүрүшү менен таанышат", — деп жазылат маалыматта.
Мындан сырткары, премьер-министр Лейлек, Кадамжай райондорундагы жаңы салынып жаткан курулуш иштери менен таанышып, Кызыл-Кыя шаарындагы "Манастын" эстелигинин ачылышына күбө болот.