Депутат: мугалимдер менен маданият өкүлдөрүнүн маянасын көбөйтөлү

© Sputnik / Табылды Кадырбеков"Республика — Ата-Журт" фракциясынын депутаты Пархат Тулендыбаевдин архивдик сүрөтү
Республика — Ата-Журт фракциясынын депутаты Пархат Тулендыбаевдин архивдик сүрөтү - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Эл өкүлүнүн айтымында "Ыйман, адеп жана маданият" жылында аталган тармакта иштегендерге көңүл бөлүү керек.

БИШКЕК, 12-янв. — Sputnik. "Республика — Ата-Журт" фракциясынын депутаты Пархат Тулендыбаев парламентте искусство, маданият жана билим берүү тармагында эмгектенгендердин айлык маянасын көтөрүү маселесин козгоду. 

Эл өкүлүнүн айтымында, "Ыйман, адеп жана маданият" жылында аталган тармакта иштегендерге көбүрөөк көңүл бурулуусу шарт. 

"СССР доорунда кыргыз элинен көрүнүктүү инсандар чыккан. Аларды тарбиялаган мугалимдер болгон. Биздин алтын фондубуз — ушулар. Бүгүнкү күндө мугалимдердин жана маданият тармагына эмгектенгендердин маянасы өтө аз. Алардын айлыгын көтөрүү керек", — деди депутат. 

Тулендибаев эл керегине жараган инсандарды тарбиялоодон мурун мугалимдерге көңүл буруу керектигин кошумчалады. 

Жаңылыктар түрмөгү
0