Facebook видеороликтер ортосунда реклама берүүнү тесттен өткөрүп жатат

© flickr.com / FACEBOOK(LET)Пользователи Фейсбук скоро смогут выразить сочувствие, нажав "дислайк"
Пользователи Фейсбук скоро смогут выразить сочувствие, нажав дислайк - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Facebook тармагындагы видеороликте YouTube каналында көрсөтүлгөн реклама коюлушу ыктымал.

БИШКЕК, 11-янв. — Sputnik. Facebook видеороликтер ортосунда реклама берүүнү тесттен өткөрүп жатат деп билдирди америкалык Wall Street Journal басылмасы.

Планшеттеги Instagram тиркемеси. Архив - Sputnik Кыргызстан
Instagram түз алып көрсөтүү функциясын ишке киргизди
Маалыматтарга караганда, видероликти көргөн 20 секундадан кийин реклама пайда болот. Муну менен роликтин узактыгы 90 секундадан көп болбошу керек деген талап коюлган. 

Басылма рекламанын мындай жаңы түрү медиа-компанияларга жана кызыкдар болгон тараптар арасында видео көрүүчүлөрүн арбытып, видеочулар үчүн соцтармакты дагы кызыктуу кылат деп жазган. 

Wall Street Journal басылмасынын маалыматына караганда, рекламадан түшкөн пайданын 55 пайызын видеонун авторлору менен бөлүшөт. 

Facebook өкүлдөрү азырынча мындай маалыматка комментарий бере элек.

Жаңылыктар түрмөгү
0