Чыныбай Турсунбеков: жаңы жылды акырын майрамдабайт белеңер!

© Sputnik / Табылды КадырбековСпикер Жогорку Кенеша Чыныбай Турсунбеков
Спикер Жогорку Кенеша Чыныбай Турсунбеков - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Төраганын мындай сынына баяндамасынан адашып кеткен экономика министринин орун басары Элдар Абакиров кабылды.

БИШКЕК, 11-янв. — Sputnik. Жогорку Кеңештин төрагасы Чыныбай Турсунбеков баяндамасынан адашкан өкмөт мүчөлөрүнө "жаңы жылды акырын майрамдаш керек болчу" деген сын пикирин айтты.

Белгилей кетсек, Жогорку Кеңештин жыйынында "Ишкердиктин субъектилерине текшерүүлөрдү жүргүзүүнүн тартиби жөнүндө" мыйзамына өзгөртүүлөрдү киргизүү тууралуу" мыйзамдын долбоору боюнча баяндама жасашы керек болгон баяндамачы, экономика министринин орун басары Элдар Абакиров адашып кийинки тема тууралуу айта баштаган.

"Баяндамачы адашып калганбы, же депутаттардын айтып жатканы чынбы. Бул мыйзам долбоорун 3-окууда деп жатат. Өкмөт бул жакка колго тийгендерди эле жибере бере турган болсо эртең өкмөт таптакыр уят болуп бүтөт. Жаңы жылды акырын майрамдаш керек болчу", — деди Турсунбеков.

Өз кезегинде Абакиров кечирим сурап кийинки маселеге өтүп кеткенин моюндады.

Новый депутат ЖК по списку политической партии Бир Бол Дуйшон Торокулов - Sputnik Кыргызстан
ЖК: Жакупованын ордуна келген Төрөкулов ант берди
Ал эми Өмүрбек Текебаев өкмөт тааныштырган мыйзам долбоорунда революциялык эмес, редакциялык гана өзгөртүүлөр болгонун баса белгиледи.

"Текшерүүлөрдү азайтуу боюнча мыйзам долбоорунда революциялык эч нерсе жок. Алмаз Атамбаев референдумдун алдында 1-январдан тарта ишкерлерге Кыргызстан бейиш болот деп айтты эле. Бул сөзүн 1 миллиард калкы бар Индияга барганда дагы кайталады. Өкмөт андыктан бул маселени президент менен кеңешип, бир пакет кылып алып келишпейби. Жеңилдик берсе жеңилдик берели, бир үтүрдү эле өзгөртүп алып келе береби?" — деп нааразы болду.

Текебаев андан сырткары өкмөт мыйзам долбоорлорун майдалап алып келип, санын эле көбөйтүп иштеп жаткандай таасир калтырып жатканын айтты.

Жаңылыктар түрмөгү
0