16:34 23 Үчтүн айы 2017
Түз эфир
Бишкек шаарынын мэриясынын имараты. Архивдик сүрөт

Мэр болчулардын дебаты "Сентябрь" каналында өтмөй болду

© Sputnik / Табылды Кадырбеков
Коом
Кыскача шилтеме алуу
Бишкек шаарынын мэрин шайлоо (17)
189 0 0

Дебатка чыгуу демилгеси Алдылдаевге таандык. Буга чейин талапкерлер депутаттар менен жолугуп, өз программаларын сунушташты.

БИШКЕК, 10-янв. — Sputnik. Бишкек шаарынын мэрлигине талапкер болгон Албек Ибраимов менен Нурдин Абдылдаевдин дебаты бүгүн, 10-январь күнү "Сентябрь" каналында өтөт. Бул тууралуу "Өнүгүү — Прогресс" фракциясы билдирди.

Сурамжылоо

Талапкерлердин кимисин Бишкек мэрлигине ылайык көрөсүз?
Эскерте кетсек, 11-декабрда өткөн жергиликтүү кеңешке шайлоо өткөн. Мыйзам боюнча жаңы курам Бишкек шаарынын мэрин шайлашы керек. Шаардык кеңештеги көпчүлүк коалиция Албек Ибраимовдун талапкерлигин көрсөтсө, "Өнүгүү — Прогресс" фракциясы Нурдин Абдылдаевди алып чыккан.

Дебатка чыгуу демилгеси Абдылдаевге таандык. Бул сунушка Ибраимов да макул болгон. Буга чейин талапкерлер депутаттар менен жолугуп, өз программаларын сунушташты.

Берүү 21.00дө башталат.

Бишкектин мэрлигине талапкерлер тууралуу 5 фактыны Sputnik Кыргызстан материалынан окуңуздар>>

Тема:
Бишкек шаарынын мэрин шайлоо (17)

Тема боюнча

Мэрликти мелжегендер: Ибраимов Абдылдаевдин чакырыгын кабыл алды
Бишкек мэрлигине экинчи талапкер пайда болду
Белгилер:
мэр, талапкер, дебат

ЭҢ МААНИЛҮҮ