Имамдар этика, маданият жана дин тууралуу окуудан өтүп, сертификат алышты

© Фото / пресс-служба ДУМК КРОшМУнун Теология факультетинде уюштурулган семинар жыйынтыкталып, Баткен облусунун райондорунан келген 140 имамга сертификат тапшырылды
ОшМУнун Теология факультетинде уюштурулган семинар жыйынтыкталып, Баткен облусунун райондорунан келген 140 имамга сертификат тапшырылды - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Аталган иш-чара Кыргызстан мусулмандар дин башкармалыгы жана "Ыйман" фонду тарабынан "Дин кызматкерлеринин ишмердүүлүгүн жана билим деңгээлин жогорулатуу" долбоорунун алкагында уюштурулган.

БИШКЕК, 10-янв. — Sputnik. ОшМУнун Теология факультетинде уюштурулган семинар жыйынтыкталып, Баткен облусунун райондорунан келген 140 имамга сертификат тапшырылганын муфтият билдирди.

Празднование Ураза-байрам в Москве - Sputnik Кыргызстан
Жалал-Абаддын жаштары зордук-зомбулукка каршы турууну үйрөнүштү
Аталган иш-чара Кыргызстан мусулмандар дин башкармалыгы жана "Ыйман" фонду тарабынан "Дин кызматкерлеринин ишмердүүлүгүн жана билим деңгээлин жогорулатуу" долбоорунун алкагында уюштурулган. 

Сертификат тапшыруу аземине муфтият өкүлдөрү катышып, ар бир имамга ОшМУнун теология факультети тарабынан которулган китептер белекке берилди. 

Окуу курсунун программасына ылайык, имамдарга Куран, хадис жана фикх, дин чөйрөсүндөгү мамлекеттик саясат, риторика, имамдардын этикасы, акыйда, пайгамбарлар тарыхы, Ислам тарыхы, кыргыз маданияты жана дин, иш кагаздарын жүргүзүү сабактары окутулду.

Жаңылыктар түрмөгү
0