"Манас" аэропорту ракты дарылоочу аппарат сатып алууга 500 миң сом бөлдү

© Sputnik / Табылды Кадырбеков"Манас" эл аралык аэропорту. Архивное фото
Манас эл аралык аэропорту. Архивное фото - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Керектүү медициналык жабдууну сатып алууга дүйнөнүн ар кыл бурчтарынан акча чогултулуп жатат. Аппараттын баасы 3,5 млн. доллар турат.

БИШКЕК, 9-янв. — Sputnik. "Манас" эл аралык аэропорту ракты дарылоочу аппарат сатып алууга 500 миң сом бөлдү деп кабарлады аталган уюмдун маалымат кызматы. 

Какаганга муштаган: үйүн эптеп баккан Жайлообектин экинчи көзү көрбөй калды - Sputnik Кыргызстан
Какаганга муштаган: үй-бүлөсүн эптеп баккан Жайлообектин экинчи көзү көрбөй калды
Аталган аба майдан "1 долларга бир өмүр" деп аталган кампанияга катышууда. 

"Манас" аэропортунун жетекчиси Эмир Чукуев дүйшөмбү күнү "Помогать легко" деп аталган коомдук фондунун аткаруучу директору Динара Аляева менен жолукту. 

Чукуев ал фондуга жана онкологиялык оорулардан жапа чеккендерге мүмкүнчүлүккө жараша жардам берүүгө убадасын берди.

Аляева Кыргызстанда мындай аппараттын жоктугун, бул нур терапияларын алуу үчүн өтө маанилүү экендигин айтты. 

"Мындай аппарат 3,5 млн. доллар турат. Биз 3,7 миллион сом топтодук. Бул деңиздин бир гана тамчысындай болгону менен, бирок, миңдеген адамдарга, биринчи иретте кичинекей балдарга үмүт жаратат", — деди ал. 

"Помогать легко" деп аталган коомдук фондунун демилгеси менен медициналык бул жабдууга каражат май айынан тарта чогултула баштаган. 

Жаңылыктар түрмөгү
0