Жүк ташуучу унаалар Кашкар менен Үрүмчүгө тоскоолдуксуз каттай баштады

Жазылуу
Кытай тарап транспорттук каттамдардын тоскоолдуксуз өтүүсү үчүн кыргыз тарапка жол эрежелери, тараза нормалары жана башка укуктук нормативдик документтерди өткөрүп берди.

БИШКЕК, 9-янв. — Sputnik. Бишкек — Кашкар — Үрүмчү эл аралык каттамы ачылып алгачкы жүк ташуучу унаалар жолго чыкканын Транспорт жана жолдор министрлигинин маалымат кызматынан кабарлашты. 

Первый рейс Москва — Бишкек из нового аэропорта Жуковский - Sputnik Кыргызстан
Москва — Бишкек каттамы. "Жуковский" кыргызстандыктарды кантип тосуп алат
Билдирмеге караганда, сегиз оор жүк ташуучу унаадан түзүлгөн пилоттук колонна 9-январь күнү Бишкек — Кашкар — Үрүмчү каттамына сапар тартышкан. 

2016-жылдын 7-ноябрында Бишкек — Кашкар — Үрүмчү жана Ош — Кашкар — Үрүмчү эл аралык каттамын ачуу боюнча маселе каралып, Кыргызстан менен Кытайдагы Синьцзян уйгур автономдуу районунун транспорттук делегацияларынын сүйлөшүүлөрүнүн негизинде аталган каттамдарды ачуу чечими кабыл алынган. 

"Пилоттук колонна Синьцзян уйгур автономдуу облусуна болжол менен төрт күндүн ичинде жетет. Бул рейс биринчи жолу ишке ашып жаткандыктан айдоочулар бардык көйгөй, кырдаалдар тууралуу кабарлап турууга милдеттүү. Мындай ыкма кийинки жүк ташуучу унаалардын айдоочуларына көйгөй жаратпашы үчүн колдонулуп жатат", — деп айтылат маалыматта. 

Ошондой эле Кытай тарап транспорттук каттамдардын тоскоолдуксуз өтүүсү үчүн кыргыз тарапка жол эрежелери, тараза нормалары жана башка укуктук-нормативдик документтерди өткөрүп берген. 

Жаңылыктар түрмөгү
0