Карда калган Ак-Сай, Арпа өрөөндөрүнө жол каттамы ачылды

© Sputnik / Евгений Биятов / Медиабанкка өтүүШестнадцатый российский конвой доставил гуманитарную помощь в Луганск
Шестнадцатый российский конвой доставил гуманитарную помощь в Луганск - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Учурда кыштоолорго баруучу унаа жолдор кар күрткүсүнөн тазаланып, жол каттамдарын ачуу иш-чаралары жүрүп жатат.

БИШКЕК, 9-янв. — Sputnik. Ат-Башы районунун Ак-Сай, Арпа өрөөндөрүнө жол каттамы ачылды. Бул тууралуу ӨКМ маалымат кызматы билдирди. 

Буга чейин 27-30-декабрь күндөрү аймкакка түшкөн калың кардан улам Ак-Сай, Арпа өрөөндөрүнө жол каттамы жабылып калгандыгы тууралуу маалымдалган.

Мындан улам ӨКМ тарабынан Ат-Башынын алыскы кыштоо сарайларында калган 54 үй-бүлө менен багуудагы 10 миң 674 топоз, 14 миң 110 кой, 10 уй жана 11 миң 230 жылкыга тоют жеткирүү маселеси каралган.

"Учурда ал жакка жол каттамы ачылып менчик унаалар менен жашоочуларга азык-түлүк, малга тоют ташылып жатат", — деп жазылат маалыматта. 

Билдирүүгө ылайык, учурда кыштоолорго баруучу унаа жолдор кар күрткүлөрүнөн тазаланып, жол каттамдарын ачуу иш-чаралары жүрүп жатат.

Жаңылыктар түрмөгү
0